Смартфон мээни "таштанды челекке" айлантат. Дарыгердин түшүндүрмөсү

© AFP / NICOLAS ASFOURIЖаштар көчөдө смартфондор менен отурат. Архив
Жаштар көчөдө смартфондор менен отурат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нейрохирург Аюми Окумура акыркы жылдары эске тутуусу начарлаган адамдар көбөйүп, оору абдан "жашарып" кеткенине таң калгандыктан анын себебин издеп көргөн.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Компьютер менен смартфонду көп колдонуу мээни чарчатып, депрессия жана кем акылдыкка алып келет. Бул тууралуу япониялык окумуштууларга шилтеме берип РИА Новости жазды.

Нейрохирург Аюми Окумура акыркы жылдары эске тутуусу начарлаган адамдар көбөйүп, оору абдан "жашарып" кеткенине таң калгандыктан анын себебин издеп көргөн.

"Мурда улгайган адамдар гана ооруса, азыр 30-60 жаштагылар мээ илдеттерине кабылып жатат. Бул куракта компьютер жана смартфонду көп колдонушат. Жыйынтыгында көп маалымат иштетүүгө мээнин алы жетпей "таштанды челекке" айланып калат", — деди дарыгер.

Андыктан адистер жумушуна байланыштуу компьютердин алдында көп убакыт өткөргөндөргө мээни эс алдыруу үчүн түшкү тамактануудан кийин 15 мүнөт уктап алууну сунуштайт. Мындан тышкары, тамактануу маалында смартфонду карабай эле койгон туура экени айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0