Ак үйдөн чыккандарга кол салган аял №1 тергөө абагына киргизилди

Жазылуу
Милициянын маалыматы боюнча, бул аял коомдук тартипти бузуп, сөгүнгөн. Ошондой эле башка аялдар менен бирге Жогорку Кеңештин аппарат кызматкерлерине, ошондой эле ары-бери өткөн адамдарга кол көтөргөн.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Бишкектин Свердлов райондук соту 2-марттагы митингде Жогорку Кеңештин аппарат кызматкерлерине кол салды делген аялды №1 тергөө абагына киргизүү чечимин чыгарды. Шектүү ал жакта 4-майга чейин кармалат.

Эске салсак, буга чейин ИИМ Садыр Жапаровдун тарапташтары чыккан митингде Ак үй кызматкерлерине кол салды делип 47 жаштагы аял кармалганын маалымдаган. Милициянын маалыматы боюнча, бул аял коомдук тартипти бузуп, сөгүнгөн. Ошондой эле башка аялдар менен бирге Жогорку Кеңештин аппарат кызматкерлерине, ошондой эле митинг учурунда ары-бери өткөн адамдарга кол көтөргөн.

Бишкектеги митинг

Бишкекте өткөн митингдин уюштуруучусу, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев - Sputnik Кыргызстан
Экс-депутат Каныбек Осмоналиев УКМКнын тергөө абагына киргизилди
Эске салсак, 2-мартта саат 11:00дөр чамасында Бишкекте Садыр Жапаровду абактан чыгарууну талап кылып 1000ден ашык адам митингге чыккан.

Анда чыгып сүйлөгөндөр саясатчыны бошотуу талабынан сырткары бийликти сындаган пикирлерин айткан. Алардын ичинен 10 кишиден турган топ президент Сооронбай Жээнбековго жолугуу үчүн барып, бирок аппарат кызматкери менен сүйлөшүп кайра келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0