Сапар Исаков төрт кыздан кийин эгиз уулдуу болду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевУчурда жаза өтөп жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков. Архив
Учурда жаза өтөп жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Исаков буга чейин төрт кыздын атасы болгон. Кичүү кызы 2017-жылы 1-октябрда, атасы өкмөт башында турган кезде жарык дүйнөгө келген.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Учурда жаза өтөп жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков эгиз уулдуу болду. Бул тууралуу маалыматты анын жакындары тастыктады.

Исаков буга чейин төрт кыздын атасы болгон. Кичүү кызы ал өкмөт башында турган кезде, 2017-жылы 1-октябрда туулган.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын декабрь айында Сапар Исаков Свердлов райондук сотунун чечими менен 15 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланган. Ал Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо коррупциялык иштерге барган деп Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") боюнча айыпталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0