Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсүн узартууга 153 млн. сом жумшалат

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсү. Архив
Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрия Бишкек шаарынын түштүк тарабын өнүктүрүү үчүн дагы каражат бөлдү. Жукеев-Пудовкин көчөсүн Орто-Сайга чейин узартуу пландалууда.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Быйыл борбор калаадагы Жукеев-Пудовкин көчөсүн узартуу иштери башталат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Аткарыла турган ишке жалпы жонунан 153,4 миллион сом сарпталат. Мамлекеттик сатып алуулар порталына тендер дагы жарыяланган.

"Түштүк Чүй каналы аркылуу көпүрө курулуп, жол Токомбаев көчөсүнөн Сухэ-Баторго чейин узартылат. Келечекте Жукеев-Пудовкинди Орто-Сай айылындагы Балык-Кумар көчөсүнө чейин узартуу пландалууда", — дешти мэриядан.

Трасса алты тилкелүү болуп, ортосун бөлүп турган чийин болот. Жолдун туурасы — 24 метрге жетет.

31-март күнү конкурска түшкөн арыздар ачылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0