Аймактагы кинотеатрлар убактылуу ишин токтотту

© Sputnik / Виктор ТолочкоКинотеатрда турган бобина кинопленка менен. Архив
Кинотеатрда турган бобина кинопленка менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тартибинде үч гана кинотеатр иштейт. Калгандары жеке ишкерлерге тиешелүү. Андыктан аларды чектөөгө мүмкүнчүлүк жок. Бирок бардыгына санитардык нормаларды сактоо боюнча сунуш берилди.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Кыргызстандын бардык аймактарында мамлекеттик кинотеатрлар убактылуу ишин токтотту. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Буга дүйнөдө күч алып турган COVID-19 коронавирусу себеп болду.

"Аймактагы кинотеатрлар белгисиз мөөнөткө чейин жабылды. Ал эми борбор калаада абал башкача", — деди Бектеналиев.

Анын айтымында, Бишкекте мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тартибинде үч гана кинотеатр иштейт. Калгандары жеке ишкерлерге тиешелүү. Андыктан аларды чектөөгө мүмкүнчүлүк жок. Бирок бардыгына санитардык нормаларды сактоо боюнча сунуш берилди.

Бектеналиев кошумчалагандай, акыркы күндөрү негизи эле кинотеатрларга каттагандардын саны суюлуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0