Күн ачык болот. Дем алыш күндөргө карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКүн тийип турган учруда шаарадагы парк. Архив
Күн тийип турган учруда шаарадагы парк. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апта аягында көпчүлүк аймактарда күндүн табы көтөрүлөт. Айрым жерлерде абанын температурасы 23 градуска чейин жетет.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Дем алыш күндөрү өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Гүлдөп жаткан өрүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жай келип калабы? Март айына карата аба ырайы
Ишемби, 14-мартта, Чүй, Талас облустарында абанын температурасы түнкүсүн 0...5, күндүз 14...19 градус жылуу болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20 градуска чейин жылыйт. Нарын, Ысык-Көл аймактарында түнкүсүн 5...0 градус суук болсо, күндүз 5...10 градуска жылыйт. Бишкекте күн ачык болуп, түнкүсүн абанын температурасы 2...4, күндүз 17...19 градуска жетет.

Жекшемби, 15-мартта, абанын температурасы жогорулайт. Чүйдө түнкүсүн 1...6, күндүз 17...22 градуска чейин жылуу болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 2...7, күндүз 18...23 градуска жылыйт. Нарын жана Ысык-Көл облустарында түнкүсүн -4...0 градус суук болсо, күндүз 5...10 градус жылуу болушу күтүлүүдө. Бишкек шаарында түнкүсүн 3...5 градус, күндүз 20...22 градус жылуу болот.

Дем алыш күндөрү батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 5-10 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0