Медицыналык кызматкерлер экран менен оруукананын ичиндеги бейтаптарды текшерип жатат. Архив

КРдеги коронавирус боюнча кырдаалды Саламаттык сактоо министрлиги айтып берет

90
Ушул тапта Кыргызстанда COVID-19 вирусуна кабылгандар каттала элек. Анткен менен 11-март күнү кечке маал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө жүзү боюнча коронавирус пандемиясын жарыялады.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Бүгүн саат 12.00дө Саламаттык сактоо министрлиги, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана Экономика министрлиги "Дүйнөгө коронавирус пандемиясы жарыяланды. Кыргызстандын мамлекеттик органдары кандай чара көрөт?" темасында маалымат жыйынын өткөрөт.

Sputnik Кыргызстан аталган иш-чараны түз алып көрсөтөт.

Белгилей кетсек, ушул тапта Кыргызстанда COVID-19 вирусуна кабылгандар каттала элек. Анткен менен 11-март күнү кечке маал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө жүзү боюнча коронавирус падемиясын жарыялады.

90
Белгилер:
маалымат жыйын, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1497)
Мечиттеги мусулман. Архивдик сүрөт

Жаш балдар, улгайгандар мечитке келбей тургула! Муфтияттын кайрылуусу

14
(жаңыланган 22:19 04.06.2020)
Жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу кажет.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Мечитке жана намазканаларга барган жарандарга бир катар эрежелер киргизилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Билдирүүдө аталган жайларга келген элдин санитардык эрежелерди сактоосу шарт экени айтылды.

  • бет кап тагынып, кире бериштен дене табын өлчөтүүсү керек;
  • мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрлик аралыкты сакталышы шарт. Кол алышып, кучакташып көрүшүүгө тыюу салынат, даарат алуучу жайларда аралыкты жана санитардык талаптарды сактоо абзел;
  • жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу кажет.

Республикада бардык мечиттерде даярдык жана түшүндүрүү иштери имамдарга жүктөлдү.

Муфтият тарабынан көрсөтүлгөн сунуштарда дааратты үйдөн алуу менен сүннөт намаздарды үйдөн окуп, мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 мүнөттүн аралыгында чыгып кетиши керектиги айтылат.

Муну менен катар жамаат намаздары ачык абада мечиттин короосунда өткөрүлүп, ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүүсү сунушталат.

Буга чейин мечиттерге чектөөлөр алынгандыгына байланыштуу 8-июнунан баштап мечиттер, намазканалар, чиркөөлөр санитардык сактык чараларын толук сактоо менен бирге ишке кирери айтылган.

14
Белгилер:
сунуш, талап, чиркөө, намаз, имам, мечит, муфтият, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1497)
Тема боюнча
Мэрия: Бишкек азыр кооптуу, коронавирус жуктуруп алуудан абайлагыла
Жээнбеков: коронавирус инфекциясы аймактардагы көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды
Башкы прокуратура. Архивдик сүрөт

Жыштык чыры: кылмыш ишти эмнеге Аскер прокуратурасы тергеп жатканы айтылды

36
(жаңыланган 21:44 04.06.2020)
Жыштыктар боюнча кылмыш иши мамлекеттин маанилүү делген тармагына тиешелүү болгондуктан, бул боюнча маалыматты ачык айтуу өлкө менен коомчулукка пайда алып келбейт.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Радиожыштыктар боюнча мамлекетке зыян келтирген мыйзамсыз фактылары ашкереленери менен бул ишке күч түзүмдөрүндөгү кызматкерлердин кызыкчылыгы байкалып, мындан улам Башкы прокуратура ишти Аскер прокуратурасына өткөрүп берген. Бул тууралуу аталган көзөмөл органдын маалымат кызматынан кабарлашты.

Башкы прокуратуранын өндүрүшүнө өткөрүлгөн ишти кароо үчүн УКМК, ИИМ жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлеринен турган ведомство аралык ыкчам-тергөө тобу түзүлгөн.

"Аталган иш мамлекеттин маанилүү делген тармагына тиешелүү болгондуктан, бул боюнча маалыматты ачыктап коюу мамлекет менен коомчулукка пайдалуу болбойт. "Мамлекеттик сырлар жөнүндөгү мыйзамга" ылайык, ал жашыруун сырды камтыган материал деп бекитилди. Азыр бир катар адамдардын бул иш боюнча кылмыш жасады деп шектелгени расмий маалымдалды. Мамлекеттик кызматкерлердин жана башкалардын бул кылмышка канчалык тиешеси бар экендигин аныктоо үчүн толук, ар тараптуу жана объективдүү тергөө жүрүп жатат", — деп айтылган маалыматта.

Вице-премьер Эркин Асрандиев
© Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
Сүйлөшүп алган жетекчилердин тобу радиожыштыктарды колдонуучу технологияларга ээ болуп жана лицензияларды кайра каттатууда жеке компаниялардын кызыкчылыктарын улам коргоп, жылдырып отурган. Мунун эсебинен мамлекет зыян тарткан. Бул Кылмыш кодексинин 319-беренесине ("Коррупция") туура келди.

Эске сала кетсек, 20-май күнү парламенттин жыйынында депутат Жанар Акаев эки радиожыштык арзан сатылып кеткенин айтып чыгып, бул өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин уруксаты менен гана жасалышы мүмкүн экенин айткан. Анын айтымында, өлкө казынасы мындан 5 миллиард сомдук зыян тарткан. Премьер-министр жооп кайтарып, кыска мөөнөттүү эмгек өргүүгө кеткен.

Буга чейин Башкы прокуратура коррупцияга шектелип Байланыш агенттигинин беш кызматкери кармалганын маалымдаган.

36
Белгилер:
тергөө, Башкы прокуратура, УКМК, кылмыш, Кыргызстан
Тема боюнча
Жыштык чырына тиешеси жок. УКМК Байымбетовдун иштен кетишин түшүндүрдү
Премьер-министр Абылгазиев жыштык чуусунан улам эмгек өргүүгө кетти