Өкмөт 28-мартты бак-дарак отургузуунун улуттук күнү деп жарыялады

© Sputnik / Мирбек СакеновТочка продаж саженцев деревьев
Точка продаж саженцев деревьев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул күнү мамлекеттик кызматкерлер жана жергиликтүү тургундар атайын белгиленген жерлерге көчөт отургузушат.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Быйыл бак-дарак отургузуунун жалпы республикалык күнү 28-мартта белгиленмей болду. Бул туурасында өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов билдирди.

Аталган токтом долбоорун ЖК депутаты Айнуру Алтыбаева демилгелеп, парламентте колдоо тапкан.

"Марттын үчүнчү ишембисин бак-дарак отургузуунун жалпы улуттук күнү деп жарыялоо жөнүндөгү" токтом боюнча бул күн 21-мартка, Нооруз майрамына туш келгендиктен өкмөт 28-мартка жылдыруу максатка ылайык деп эсептейт", — деди Абытов. 

Бак отургузуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйыл Өзбекстанга 1 миллион бак отургузулат
Буга чейин демилгечи депутат Айнуру Алтыбаева бак-дарак отургузуунун жалпы улуттук күнүндө 500 миң көчөт тигүү сунушталганын айткан. Бул күнү бардык кыргызстандыктар бак-дарактарды өзүнүн үйүнүн короосуна, көчөлөргө отургуза берсе болот. Анын жол-жобосу жергиликтүү бийлик тарабынан аныкталат.

Белгилей кетсек, бак-дарак отургузуу күнү дүйнө жүзүндөгү бир катар өлкөлөрдө белгиленет. Мисалы, Россия, Казакстан жана Кытайда бул күн өзүнчө майрам.

Жаңылыктар түрмөгү
0