Өмүрбекова коронавируска байланыштуу маалымат жыйындын болбой калган себебин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Алтынай Омурбекова
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Алтынай Омурбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн 14:00дө Коронавирусту алдын алуу боюнча республикалык штабдын жыйыны болору айтылды. Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөдө коронавируска кабылгандар жок.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. "Дүйнөгө коронавирус пандемиясы жарыяланды. Кыргызстандын мамлекеттик органдары кандай чара көрөт?" темасындагы маалымат жыйындын болбой калышынан себеп издөөнүн кажети жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Медициналык кызматкер кишинин температурасын ченеп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустун жайылып кеткендеги кесепетин эксперттер айтып берди
Белгилей кетсек, 11-март күнү кечке маал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө жүзү боюнча коронавирус пандемиясын жарыялаган. Буга байланыштуу саат 12.00дө Бишкекте маалымат жыйыны өткөрүлмөк.

Анда Саламаттык сактоо, Экономика министрликтеринин жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал тууралуу айтып беришмек.

Өмүрбекова бүгүн, 12-мартта, саат 14:00дө Коронавирусту алдын алуу боюнча республикалык штабдын жыйыны болорун айтты.

"Маалымат жыйындын болбой калуусунан себеп издөөнүн кажети жок. Штабдын жыйыны болуп, ал жакта кененирээк маалыматтар айтылат. Дүрбөлөңгө түшпөй, айтылган нерселерди аткаруу керек. Өлкөдө коронавируска кабылгандар жок. Эгер мындай учур чыгып калса, элге жакса да, жакпаса да жарыялайбыз. Бул биздин милдет", — деди Өмүрбекова.

Кытайдан тараган бул COVID-19 вирусунан дүйнө боюнча ооругандардын жалпы саны 126 миңден ашты. Анын ичинен 4630 киши көз жумду. 68 миңден ашыгы айыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0