Профилактика коронавируса в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан

Коронавирустун Кыргызстанга таасири. Соңку маалыматтар

Жазылуу
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 11-март күнү коронавирустун пандемиясын жарыялады. Кыргызстанда буга чейин COVID-19 вирусун алдын алуу үчүн бир катар чаралар көрүлгөн.

Бүгүн "Дүйнөгө коронавирус пандемиясы жарыяланды. Кыргызстандын мамлекеттик органдары кандай чара көрөт?" темасында маалымат жыйын өтмөк, бирок иш-чара башталар алдында токтотулду.

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Алтынай Омурбекова - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбекова коронавируска байланыштуу маалымат жыйындын болбой калган себебин айтты
Буга чейин Кытай, Түштүк Корея, Италия, Иран жана Япониядан келген кыргызстандыктар 14 күндүк карантинге алынары жарыяланган. Аталган өлкөлөрдүн жарандарына Кыргызстанга кирүүгө убактылуу чектөө киргизилген. Ал эми дагы башка 15 өлкөдөн келген кыргызстандыктар үй карантинине алынары айтылды.

Кыргызстанда коронавируска кабылган бир дагы факт каттала элек.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
23:25 12.03.2020

Анлан сырткары Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун пандемия болуп кеткен кооптуулугунан улам өлкөлөрдү үч категорияга кошумча критерийлер менен баалап бөлдү. Толугураак төмөнкү маалыматтан окусаңыз болот. 

 

Шереметьево перевело все рейсы из Китая в терминал F - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга келчүлөр үч категорияга бөлүндү. Өкмөт себебин түшүндүрдү
23:20 12.03.2020

Вице-премьер Асрандиев коронавирустан улам үй-бүлөсү азык-түлүк камдаар-камдабасын айтты. 

 

Заседание Республиканского штаба - Sputnik Кыргызстан
Вице-премьер Асрандиев үй-бүлөсү азык-түлүк камдаар-камдабасын айтты
20:15 12.03.2020
 Учения спецслужб аэропорта возможному прибытию инфицированных коронавирусом в аэропорту Алматы - Sputnik Кыргызстан
Борбор Азия өлкөлөрүнүн коронавируска каршы камы кандай?

Дүйнөдө тарап жаткан коронавирусту аймагына "киргизбөө" үчүн ар бир өлкө түрдүү чараларды көрүп жатат. Sputnik агенттиги Борбор Азия мамлекеттеринин камылгасына кызыкты.

20:11 12.03.2020

"Эртеңки күндү ойлошубуз керек. Ошондуктан бардык тараптарды угуп, туура чечим кабыл алышыбыз зарыл", — деди вице-премьер Эркин Асрандиев коронавируска байланыштуу өткөн республикалык штабдын кезектеги жыйынында айтты.

Өндүрүштүн токтоп калуусуна жол бербөө максатында өлкөгө импорттук сырьену ташуу жолун табуу керектиги тууралуу сөз болду.

Железнодорожный обход Краснодара - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан импорттук сырьёну ташуунун башка жолдорун издеп жатат
16:03 12.03.2020

Кытайда коронавирус эпидемиясы басаңдады. Уханды эске албаганда Хубэй провинциясындагы бардык шаарларда бир жумадан бери вирус жуктурган бир дагы жаңы факт каттала элек. Бул туурасында Кытайдын Саламаттыкты сактоо комитетинин өкүлү аталган өлкөнүн бир катар шаарларында вирусту жуктуруп алган жаңы фактылар жок экенин айтты. 

 

 

 

 

14:19 12.03.2020

Россиялык окумуштуу Волчков коронавирустун жайылышынын жеткен чеги — апрель-май айларына туура келерин, андан сырткары, жай мезгилинде солгундарын билдирди.

Шанхайская фондовая биржа - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустун жайылып кеткендеги кесепетин эксперттер айтып берди
13:57 12.03.2020

Суук тийгизип, бронхит же сасык тумоого кабылганда адам жөтөлөт. Коронавируста да жөтөл коштоору айтылат. Окумуштуулар аларды айырмалоо жолдорун айтып берди. 

 

Больница в Коммунарке примет пациентов с подозрением на коронавирус - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус менен гриппти кантип айырмаласа болот. Түшүндүрмө
13:49 12.03.2020
13:45 12.03.2020

Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штаб Кыргызстанда жакынкы күндөргө пландалган топтошкон адамдар барган маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүнү токтотууну сунуштады. Алардын арасында той-аштар дагы бар.

 

Ситуация в Ла-Пасе в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Коркуткан коронавирус: Кыргызстанда токтотулган, жылдырылган иш-чаралардын тизмеси
13:44 12.03.2020

 15 өлкөдөн келген жарандар үй карантинине алынат.

Алар - Франция, Германия, Испания, Сингапур жана АКШ. Андан сырткары Кувейт, Бахрейн, Таиланд, Швейцария, Улуу Британия, Австралия, Малайзия, Канада, Ирак жана БАЭден келгендер да көзөмөлдө турат. 

Жүргүнчүлөрдү келип түшкөндө аэропорттон атайын жабдуу - тепловизор менен текшеришет. 

 

 

13:38 12.03.2020

Беш мамлекет - Кытай, Түштүк Корея, Италия, Иран жана Япониядан келген кыргызстандыктар ооруканаларда 14 күндүк карантинде кармалат.

 

13:31 12.03.2020

Эгер Кыргызстан жапырт эпидемияга кабылса, анда өкмөт калктын күйүүчү май жана азык-түлүк маселесин чечүүгө тийиш. Мамлекеттик материалдык резерв фондунун эсеп жана мамлекеттик резервди көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси Таалайбек Давлеталиев азык-түлүк боюнча норма 103 пайызга аткарылганын белгилейт. Бирок азык-түлүктүн тизмеси документтердин купуялуулугунан улам ачык жарыяланбайт.

Sputnik Кыргызстан абал кыйындып кетсе Кыргызстан ага даярбы деген маселенин тегерегинде материал жасаган. Аны толугу менен окуп чыксаңыз болот. 

 

 

Ситуация в Гонконге из-за вспышки коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жаман айтпай, жакшы жок. Коронавирус жайылып кетсе Кыргызстан канчага чыдайт
13:24 12.03.2020

Пандемия — жугуштуу оорулардын бир же бир нече өлкөгө, континентке жапырт таралышы менен мүнөздөлгөн эпидемия.

 Кээ бир окумуштуулар пандемия жарыялоо коңгуроо кагуу экенин айтат. 

"Мындай кадам — инфекциянын жайылып кетпеши үчүн анын эрте стадиясында жабууга, чектөөгө өлкөлөрдүн аракет кылышына карата кабыл алынган катаал чечим", -  деди россиялык окумуштуу Павел Волчков. 

 

 

13:14 12.03.2020

Ал арада Жогорку Кеңештин депутаты  Бактыбек Турусбеков парламенттин жалпы жыйынында коронавирус кооптуулугунан улам студенттер менен окуучуларды мөөнөтүнөн мурда каникулга таратууну сунуштады.

 

Образование в школах КР - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар студент, окуучуларды бир айга каникулга таратууну сунуштады
13:12 12.03.2020

Саат 12:00дө боло турган "Дүйнөгө коронавирус пандемиясы жарыяланды. Кыргызстандын мамлекеттик органдары кандай чара көрөт?" темасында маалымат жыйыны токтотулду. Бул боюнча иш-чара башталарына бир нече мүнөт калганда белгилүү болду.

 

13:06 12.03.2020

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына караганда,  учурда Кыргызстанга короновирусту жуктуруп алган учур каттала элек. 

Анткен менен 11-март күнү кечке маал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө жүзү боюнча коронавирус пандемиясын жарыялады.

 Ал эми дүйнө боюнча COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын  жалпы саны 126 миңден ашты. Анын ичинен 4630 киши көз жумду.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0