Пандемия деген эмне жана канчалык кооптуу? Адистердин түшүндүрмөсү

© LUIS ACOSTAСитуация в Панаме из-за вспышки коронавируса
Ситуация в Панаме из-за вспышки коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адам баласынын тарыхына көз чаптыра турган болсок, башыбыздан бир нече пандемия өткөн. Алардын ар биринде жүздөгөн, миллиондогон кишилер каза тапкан.

11-март күнү кечке маал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө жүзү боюнча коронавирус пандемиясын жарыялады.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан пандемия деген эмне жана бул учурда кандай чаралар көрүлөрүн окурмандарга түшүндүрүп берүүнү чечти.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, пандемия — бул жугуштуу оорулардын бир же бир нече өлкөнүн, континенттин калкына массалык түрдө таралышы менен мүнөздөлгөн эпидемия.

Пандемия качан жарыяланат?

Жаңы пайда болгон вирус дүйнөгө жайылып, көпчүлүк адамдардын ага карата иммунитети жок. Адистердин айтымында, пандемия сөзү жугуштуу ооруларга гана колдонулат жана кеселдин жайылышынын масштабын көрсөтүү үчүн пайдаланылат. Тагыраагы, бул оорудан өлгөндөрдүн санынын эмес, жайылыш масштабынын көрсөткүчү.

Эпидемиядан эмнеси менен айырмаланат?

Эпидемия — бир гана өлкөдө оорунун активдүү тарашы. Мисалы, элдин беш пайыздан көбү бир илдетке кабылган учурда эпидемия жарыяланат. Ал эми пандемия континенттеги бардык өлкөлөргө же дүйнө жүзүнө жайыла баштаган учурда жар салынат.

Мамлекет көрчү чаралар

"Известия" басылмасына Москва физика-техникалык институтунун геномдук инженерия лабораториясынын жетекчиси Павел Волчковдун айтып бергенине караганда, пандемия жарыялоо — бул дүйнөнүн бардык өлкөлөрүн өзүн колго алып, сактануу чараларын күчөтүүгө чакырык.

"Пандемия десе эле өтө кооптуу нерсе деп түшүнбөшүбүз керек. Аны көбүнчө вирус жок өлкөлөр күтүп отура бербей, коргонуу чараларын күчөтүп, барлары эпидемияны ошол деңгээлде токтотуп калсын деген максатта жарыяланат. Адатта бул кадамга вируска вакцина табыла элек учурда барышат", — деп түшүндүрдү адис.

Ал кошумчалагандай, мындай учурда карантиндик иш-чаралар, чек ара маселелери боюнча ар бир өлкө өз алдынча чечим кабыл алат.

Тарыхта кандай пандемиялар болгон?

Профилактика коронавируса в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустун Кыргызстанга таасири. Соңку маалыматтар
Адам баласынын тарыхына көз чаптыра турган болсок, башыбыздан бир нече пандемия өткөн. Алардын эң масштабдуусу 1918-жылы богон — испан тумоосу. Бул илдетти дүйнөдө 500 миллион киши жуктуруп, жүз миллионго чукул киши каза тапкан. Ал Европа өлкөлөрүнөн чыгып, Биринчи дүйнөлүк согуштан кийинки миграцияга туш келген эле.

SARS вирусу 2003-жылдын башында аныкталып, эпидемия сегиз миң кишиге жуккан. Ал вирустун очогу да Кытайда болгон. Анан ал Түндүк жана Түштүк Америка, Европа жана Азиянын 23 өлкөсүнө тараган. Инфекциядан дүйнөдө 774 кишинин каза тапканы айтылат.

Чума — XIV кылымда бул кесел кеңири тарап, Европадан орточо 50 миллион кишинин өмүрүн алган. Аны "кара өлүм" деп да аташкан. Ал эми 2010-2015-жылдары 3248 учур катталып, чумадан 584 киши көз жумган.

Холера — XIX кылымда бул илдет Индиядагы Ганг дайрасына куйган жердеги өзүнүн баштапкы резервуарынан дүйнө жүзүнө тараган. Андан кийин бардык континенттерден миллиондогон адамдардын өмүрүн алып кеткен алты пандемия чыккан. Кезектеги пандемия (жетинчиси) 1961-жылы Түштүк Азияда башталган, 1971- жылы Африкада жайылып, ал эми 1991-жылы Америкада күч алган. Азыркы тапта холера бир топ өлкөдө эндемиялык дарт болуп эсептелет. Ар жылы жер жүзүндө 1,3 миллиондон 4,0 миллионго чейин холерага кабылган адам катталат, алардын 100 миңге чукулун сактоого мүмкүн болбой калган.

Эбола — Конгодо 1976-жылы катталган. Вирус соңку ирет 2013-жылдын декабрында батыш Африкада жайгашкан Гвинеяда дүрт этип, коңшу турган Либерия жана Сьерра-Леонго тараган. Жалпы 28 миң киши жабыркап, 11 миңи каза тапкан. Булардан тышкары, кургак учук, чечек, СПИД жана грипп пандемиялары дагы болгон.

Акыркы пандемия

Буга чейинки акыркы пандемия 2009–2010-жылдары H1N1 вирусу (чочко тумоосу) тараганда жарыяланган. Анда вирус дүйнө калкынын 30 пайызына жуккан. Тагыраагы, 214 өлкөдө жайылып, 18 миңден ашуун киши көз жумган.

COVID-19

2019-жылдын декабрь айынын аягында Кытайдын Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. Учурда ал дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүнө тарады. Учурда жуктуруп алгандардын саны 126 миңден ашты. Алардын ичинен 4638 киши каза болуп, 68 284ү сакайды. 11-март күнү кечке жуук Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө жүзү боюнча коронавирус пандемиясын жарыялады.

Жаңылыктар түрмөгү
0