Өмүр бою кесилгендердин ачкачылык жарыялаганына төрт күн болду

© Sputnik / Табылды КадырбековАбактагы өмүр бою кесилгендер. Архив
Абактагы өмүр бою кесилгендер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
9-март күнү камакта отурган 200 киши белгисиз убакытка чейин ачкачылык жарыялашкан. Алар "сот жаңы мыйзамдардын негизинде ишибизди кайра карасын" деген талап коюшууда.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Кыргызстанда өмүр бою кесилгендердин ачкачылыгы төрт күндөн бери уланууда. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Эркинен ажыратылган экс-депутат Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаровду эмне үчүн жатак абагына которууга болбойт. ЖАМКтын түшүндүрмөсү
9-март күнү №1, 16, 19 жана 25 колонияларда эртең мененки текшерүү учурунда камакта отурган 200 киши белгисиз убакытка чейин ачкачылык жарыялаганы боюнча арыз жазышкан. Алар сот чыгарган өкүмдү 2017-жылы кабыл алынып, бир жыл мурун күчүнө кирген жаңы мыйзамдардын негизинде кайра карап чыгууну талап кылышууда.

ЖАМКтан билдиришкендей, 2019-жылы күчүнө кирген мыйзамдардын негизинде өмүр бою эркинен ажырагандардын ишин кайра карап чыгуу боюнча арызын сотко жөнөткөн. Бирок сот бирин дагы канааттандырбай, эч кимдин жазасын өзгөрткөн эмес.

Бүгүнкү күндө абактарда өмүр бою эркинен ажыраган 347 адам жазасын өтөп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0