Бишкектин бир катар аймагы 13-мартта жарыксыз калат

CC BY 2.0 / Chris Waits / Power outКарангыда лампочканын силуэти. Архив
Карангыда лампочканын силуэти. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Түндүк электр" ишканасынын бригадалары электр кубатын жеткирген линиялар менен көмөк чордондордун иштешин текшерип, кээ бирлерин оңдошот.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Жума күнү, 13-мартта, Бишкектин бир катар аймагында жарык жок болот. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 9:30-16:00 — Буденный, Куликов, Парковая, Славянский көчөлөрү, Чуваш туюк көчөсү;
  • 9:30-18:00 — Рухий Мурас конушу;
  • 9:00-17:00 — Абдрахманов көчөсү (№135 үй) жана Мурас Ордо конушу;
  • 9:00-18:00 — Пржевальский, Ушаков, Фиолетов, Махатма Ганди көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Караван туюк көчөсү, Арча-Бешик (Масалиев, Айылчиев, Баба-Ата, Миң-Куш, Шербет, Кара-Кужур, Арча-Бешик, Жайыл баатыр, Термечиков көчөлөрү) конушу.
  • 10:00-17:00 — Туңгуч кичи району.
Жаңылыктар түрмөгү
0