Нооруз майрамы. Архив

Балдарды эл көп топтолгон жерге алып барбагыла. Штаб эскертти

801
(жаңыланган 21:18 12.03.2020)
Республикалык штабдын бүгүнкү жыйынында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге коронавирус кооптуулугунан улам чет өлкөлөргө жасалган командировкаларды чектеп туруу сунушу айтылды.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы ата-энелерге балдарды эл көп чогулган жерге, соода жайларындагы көңүл ачуучу, ойнотуучу жайларга алып барбоого чакырык жасалды. Бул тууралуу Коронавируска каршы иш алып баруу боюнча түзүлгөн республикалык штаб өзүнчө билдирүү таратты.

"Бардык кыргызстандыктарга каникул учурунда же мындай күндөрү балдарын соода жайларындагы көңүл ачуучу борборлорго, кичинекейлер ойногон аянтчаларга, оюн залдарына алып барбоого кеңеш беребиз. Дегеле эл көп топтолгон жерлерден оолагыраак болууга жана жогоруда айтылган жайларга чоңдорду да барбоого чакырабыз", — деп айтылган таратылган маалыматта.

Республикалык штабдын бүгүнкү жыйынында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге коронавирус кооптуулугунан улам чет өлкөлөргө жасалган командировкаларды чектеп туруу сунушу айтылды.

Мындан сырткары, жакынкы арада аптекаларга ата мекендик компаниялар тиккен бет каптар түшөрү кабарланды.

2019-жылдын декабрь айынын аягында Кытайдын Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. Учурда ал дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүнө тарап, жуктуруп алгандардын саны 126 миңден ашты. Алардын ичинен 4638 киши каза болуп, 68 284ү сакайды. 11-март күнү кечке жуук Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнө жүзү боюнча коронавирус пандемиясын жарыялады.

Кыргызстандагы коронавируска каршы өткөрүлүп жаткан чаралар жана анын кесепети, акыркы маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан окусаңыз болот.

801
Белгилер:
балдар, чектөө, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2420)
Тема боюнча
Өмүрбекова коронавируска байланыштуу маалымат жыйындын болбой калган себебин айтты
Кытай бийлиги: өлкөдө эпидемия басаңдады
Бишкек шаары. Архив

Шейшембиге карата аба ырайы

113
1-декабрга караган түнү өлкө боюнча абанын температурасы төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. 1-декабрь күндүз республиканын кээ бир райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө 0…-5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 2…7, Ысык-Көлдө -1…+4, Нарында -2…+3 градусту түзөт.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбордо 0…-2, Ош шаарында 5…7 градуска жылыйт.

113
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Дагы кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив

Жактоочу: Алмазбек Атамбаев жакында эркиндикке чыгышы мүмкүн

294
(жаңыланган 21:18 30.11.2020)
Атамбаев кримтөбөл Батукаевдин иши боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде 11 жылга эркинен ажыратылган. Бүгүн Жогорку сот ал өкүмдү жокко чыгарды.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эркиндикке чыгышы мүмкүн. Мындай пикирин анын жактоочусу Сергей Слесарев Sputnik Кыргызстанга билдирди.

Эске салсак, бүгүн Жогорку сот Батукаевдин мыйзамсыз бошоп кетиши боюнча Атамбаевге кылмыш иши козголуп, аны 11 жылга эркинен ажыратуу боюнча мурдагы өкүмдү жокко чыгарган. Андыктан жаңыдан кароо үчүн иш Биринчи май райондук сотуна жиберилген.

Жактоочу кийинки процедуралар туурасында Жогорку соттун соттук коллегиясынын чечиминин акыркы бүтүмү боюнча кагазды колуна алгандан кийин гана так айтарын билдирди.

"Бул иш боюнча камакка алууну караган баш коргоо чарасы белгисиз мөөнөткө колдонулган. Азыр өкүм жокко чыккандан кийин эми колдонулбай калды да. Андыктан Атамбаев коё берилиши керек", — деп түшүндүрдү жактоочу.

Юрист Жогорку соттун соттук коллегиясынын чечими Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматка келип түшкөндөн кийин Атамбаев эркиндикке чыгышы мүмкүндүгүн айтты.

Слесарев Батукаевдин иши боюнча камакка алуу Атамбаевди 2019-жылдын августунда кармагандан кийинки биринчи чечим экендигин кошумчалады. Темир тордун ичине отургузуу боюнча мындай баш коргоо чарасы экинчи ирет Кой-Таштагы окуя боюнча кабыл алынып, бирок 6-октябрдын түнүндө элдик толкундоодон кийин аны үй камагына алмаштырышкан.

Атамбаев 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган. Мындай чечимди июнь айында Биринчи май райондук соту кабыл алып, августта Бишкек шаардык соту аны күчүндө калтырган.

294
Белгилер:
сот, бошотуу, түрмө, Алмазбек Атамбаев, Кыргызстан
Тема:
Алмазбек Атамбаевдин кармалышы
Тема боюнча
Атамбаев, Ниязов жана Сагымбаев сотко алып келинди. Сүрөт
Жогорку сот Атамбаевге Батукаевдин иши боюнча чыккан өкүмдү жокко чыгарды. Видео
Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 19-кеңешмеси учурунда

Оор жүктөрдү үзгүлтүксүз ташууну жакшырталы. Новиков ШКУ жыйынында маселе көтөрдү

0
(жаңыланган 22:31 30.11.2020)
Новиков ШКУга мүчө-мамлекеттерге Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөштө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. ШКУ өлкөлөрүнүн ортосунда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен оор жүктөрдүн үзгүлтүксүз ташылышына шарттарды түзүү жана көзөмөл өткөрүү жайларынын толук кандуу иштеши маанилүү. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 19-кеңешмесинде айткандыгын маалымат кызматы билдирди.

Жыйын видеоконференция форматында өткөн.

"Кыргызстан өлкөлөр ортосундагы товар алмашууда "жашыл коридор" механизмин пайдаланууну кеңейтүү жолу менен көзөмөл-өткөрүү жайлары аркылуу жүк ташуучу автотранспорттордун кирип-чыгуу тартибин, процедурасын жөнөкөйлөштүрүүнү кароону сунуштайт", — деген Новиков.

Мындан тышкары, премьердин милдетин аткаруучу санариптик технологияларды, анын ичинде электрондук соода жүргүзүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.

Бул ШКУ өлкөлөрүнүн экономикасынын жогорулашына жана уюм алкагындагы толук кандуу санариптик күн тартипти ишке ашырууда кошумча түрткү болуп бере аларын айткан.

Новиков сөзүн жыйынтыктап жатып, кыйын кырдаалда өз ара колдоо көрсөтүү жакшы коңшулук мамилеге жана жалпы кызыкчылыкка жооп берерин айткан.

"Учурдагы негизги нерсе ─ калктын денинин сактыгы, социалдык-экономикалык туруктуулуктун сакталышы жана жарандарыбыздын эртеңки келечегине ишеними", — деген премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Ошондой эле ал ШКУга мүчө-мамлекеттерге Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөштө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген.

0
Белгилер:
жыйын, Артем Новиков, ШКУ, Кыргызстан
Тема боюнча
Путин: бүгүнкү ШКУ саммитинде өтө маанилүү документтерге кол коюлат
Садыр Жапаров ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлерине КРдеги шайлоо таза өтөрүн айтты