Кыргызстандык кыз Кытайда кырсыктады. Чукул арадагы операцияга муктаж

© Sputnik / Николай ХижнякДарыгер оорукананын палатасында бейтаптын рентген-сүрөтүн карап жатат. Архив
Дарыгер оорукананын палатасында бейтаптын рентген-сүрөтүн карап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балкондон кулаган кыз омурткасын кокустатып алган. Операцияга 830 миң сом керек болууда. Эжеси Айдайдын мынча акчасы жоктугун айтты. 

БИШКЕК, 12-мар — Sputnik. Кытайдагы Иу шаарында 23 жаштагы кыргызстандык кыз Айдай Закиралиева балкондон кулап кетип, тез арада жасалчу операцияга муктаж болууда. Бул маалыматты анын эжеси Элмира Кылычбаева билдирди.

Кырсык 2020-жылдын 6-мартында эртең менен болгон. Кыргызстандын ТИМинин маалыматына караганда, кыз капыстан балкондон кулаган. Министрлик Айдайдын коронавирус жуктуруп албагандыгын дагы бир ирет тастыктады. Себеби буга чейин социалдык тармактарга кыз COVID-19 вирусун жуктуруп алган деген маалыматтар чыккан.

Кыргыз жараны дарыланып жаткан оорукананын дарыгерлери аны транспорт менен ташуу ден соолугуна залакасын тийгизерин айткан. Айдай учурда күнү-түнү медиктердин көзөмөлүндө.

Анын туугандары учурда операцияга жана дарыланууга акча издеп жатат. Кылычбаеванын айтымына караганда, кыздын операциясына болжол менен 80 миң юань (830 миң сом) керектелет.

"Айдайдын ата-энеси айылда турушат, мынча акча чогулта албайт. Боорукер адамдар кичинеден жардам бере баштады, аларга ыраазылык билдиребиз. Бирок айтылган акчаны чогултууга дагы көп бар", — деди кыздын эжеси.

Учурда элчилик мекендешибизди дарылоо жана ага кетчү каражатты издөө боюнча жергиликтүү органдар менен иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0