Абылгазиев: вирустан улам экономика алсырайт, бирок элдин ден соолугу маанилүү

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясынын тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтууга багытталган эки республикалык штабдын ишин талкуулаган кеңешмеде
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясынын тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтууга багытталган эки республикалык штабдын ишин талкуулаган кеңешмеде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр өкмөт аппаратынын, министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлерине инфекцияны жуктуруу тобокелдиги бар чет өлкөлөргө болуучу бардык иш сапарларын токтотууну тапшырды.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында киргизилген чектөөгө байланыштуу атамекендик экономика жоготууга учурайт. Бирок биз үчүн калктын ден соолугу маанилүү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясынын тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтууга багытталган эки республикалык штабдын ишин талкуулаган кеңешмеде билдирди.

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев на совещании по обсуждению работы двух Республиканских штабов, направленных на минимизацию влияния последствий от распространения коронавирусной инфекции
Коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында киргизилген чектөөгө байланыштуу атамекендик экономика жоготууга учурайт - Sputnik Кыргызстан
1/3
Коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында киргизилген чектөөгө байланыштуу атамекендик экономика жоготууга учурайт
© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев на совещании по обсуждению работы двух Республиканских штабов, направленных на минимизацию влияния последствий от распространения коронавирусной инфекции
Бирок биз үчүн калктын ден соолугу маанилүү - Sputnik Кыргызстан
2/3
Бирок биз үчүн калктын ден соолугу маанилүү
© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев на совещании по обсуждению работы двух Республиканских штабов, направленных на минимизацию влияния последствий от распространения коронавирусной инфекции
Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясынын тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтууга багытталган эки республикалык штабдын ишин талкуулаган кеңешмеде билдирди - Sputnik Кыргызстан
3/3
Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясынын тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтууга багытталган эки республикалык штабдын ишин талкуулаган кеңешмеде билдирди
1/3
Коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында киргизилген чектөөгө байланыштуу атамекендик экономика жоготууга учурайт
2/3
Бирок биз үчүн калктын ден соолугу маанилүү
3/3
Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясынын тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтууга багытталган эки республикалык штабдын ишин талкуулаган кеңешмеде билдирди

Премьер вирустун өлкө аймагына киришине жана жайылышына жол бербөө үчүн тийиштүү чаралар кабыл алынганын белгилеген.

"Республикада эки штаб түзүлдү. Көзөмөл-өткөрүү жайларында текшерүү күчөтүлгөн тартипте жүрүп жатат. Эпидемиологиялык жагдайы жагымсыз болгон өлкөлөрдөн келген бардык жарандар 14 күндүк карантинге алынууда", — деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу бизнести өнүктүрүүгө көңүл буруу зарылдыгын баса белгиледи.

"Кытай - негизги соода өнөктөштөрүбүздүн бири, анын жалпы товар жүгүртүүдөгү үлүшү 26,4 пайызды түзөт. 2019-жылга карата импорттун жалпы көлөмүндөгү үлүшү 35,4 пайызга жетти. Негизинен бул өндүрүш үчүн сырьелук база. Азыр сырьенун запасы бар, бирок ташуулар качан жана кандай жол менен калыбына келери белгисиз. Мында биздин кемчиликтерди аныктоого гана эмес, өз өндүрүшүбүздү башынан баштоого аракет кылуу мүмкүндүгү пайда болду", — деди премьер-министр.

Мектеп окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мектептер менен университеттер карантинге жабылабы? Министрликтин жообу
Ал ошондой эле элге кайрылып, өкмөт өз элин коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатканын, жарандар убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылуусу зарыл экенин кошумчалаган.

Премьер-министр өкмөт аппаратынын, министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлерине инфекцияны жуктуруу тобокелдиги бар чет өлкөлөргө болуучу бардык иш сапарларын токтотууну тапшырды. Ага ылайык, чет мамлекеттерге сапарлар мамлекеттин маанилүү иш-чаралары боюнча жана эпидемиологиялык кырдаал дурус өлкөлөргө гана жасалууга тийиш.

Жаңылыктар түрмөгү
0