Пара менен кармалган Биринчи май райондук сотунун судьясы жумушка чыккан жок

Жазылуу
Буга чейин соцтармак колдонуучуларынын айтымына таянып, айрым ЖМКлар пара алып кармалган судья кайра жумушка чыкканын жазып чыгышкан.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Биринчи май райондук сотунун пара алды делип кармалган судьясы жумушка чыгып, иштерди карап жатат деген маалыматты Жогорку сот төгүндөдү.

Буга чейин соцтармак колдонуучуларынын айтымына таянып, айрым ЖМКлар пара алып кармалган судья кайра жумушка чыкканын жазып чыгышкан.

"Конституциялык мыйзамдын 30-беренесине (Соттордун статусу) ылайык, судья Башкы прокурордун көрсөтмөсү боюнча соттор кеңешинин алдындагы дисциплинардык комиссиянын макулдугу менен кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Азыркы учурда аталган комиссияга судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча көрсөтмө берилген эмес", — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (Финпол) Биринчи май райондук сотунун судьясын 2000 доллар пара менен кармаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0