БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Туризм ассоциациясы бүткүл дүйнөгө коркунуч жаратып жаткан коронавирустун кесепетинен улам салык органдарына салык каникулун сурап кайрылганы жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга аталган ассоциациянын башкаруучулугунун төрагасы Эрмек Мырзабеков билдирди.
Анын айтымында, учурда ишкерлер Туризм департаменти менен биргеликте жумушчу топ түзүп, коронавирус кесепеттери боюнча иштерди алып барууда.
"Жумушчу топтун жыйынында департамент директору Максат Дамир уулу менен сүйлөшүп, салык органдарына кайрылуу чечимине келдик. Анткени азыр чет өлкөдөн конок тоскондор дагы, сыртка турист жөнөткөн компаниялар дагы чыгымга учурап кыйнала баштаган кези. Салык каникулуна муктаж болуп турабыз", — деди Мырзабеков.
Ошондой эле ассоциация Улуттук банкка дагы кайрылууну пландап жатат.
"Аймактарда туристтерди тосууга конок үйлөрдү, боз үй комплекстерин салуу үчүн насыя алып алгандар бар. Учурда алардын негизи кардары болуп эсептелген европалыктар каттабай калды. Кыскасы, орто жана чакан бизнес насыядан кутулуу жагынан кыйналып жатат. Аларга жеңилдик керек", — деди төрага.
Эске салсак, былтыркы жылдын аягында Кытайда чыккан COVID-19 коронавирусу дээрлик жыл башынан бери дүйнө элинин айласын кетирип жатат. Анын айынан дүйнөлүк экономика чыгым тартууда.
11-марттын түнүндө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус пандемиясын жарыялаган. Бүгүн Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктургандар жок экенин айтты. Ал эми Казакстанда вируска кабылган үч адам аныкталды.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Алай районунун Сары-Могол айылында жайгашкан орто мектепке спорт зал жана ашкана куруу үчүн мамлекеттен бөлүнгөн акчанын бир бөлүгү уурдалып кеткен. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, курулуш иштерин баштоо үчүн 2015-жылы тендер өткөрүлүп, жеңүүчү компанияга 24 млн. 202 миң 850 сом алдын ала төлөнгөн.
"Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жеңүүчү компанияга акча каражаты толугу менен которулуп, бирок 5 жылдан бери аталган орто мектептин спорт залын жана ашканасын куруу иштери токтоп калган. Натыйжада мамлекетке 6 млн. 382 миң 225 сомдук материалдык зыян келтирилген", — деп жазылат маалыматта.
Текшерүүнүн жыйынтыгында райондук прокуратура тарабынан аталган факт боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасына түшкөн белгилүү балдар хирургу Талант Өмүрбековдун абалы тууралуу Sputnik агенттигине аталган медициналык жайдын жетекчиси Гүлжигит Аалиев маалымат берди.
Эске салсак, Өмүрбеков 19-январда эки тараптуу пневмония менен оор абалда ооруканага жаткырылган.
"Акыбалы турукташып калды. Бирок дагы деле жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек", — деди Аалиев.
Талант Өмүрбеков Кыргызстанга таанымал дарыгер. Ал Бишкек шаардык Тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын мурдагы дарыгери, Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын балдар хирургиясы кафедрасынын жетекчиси, профессор, медицина илимдеринин доктору.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кечээ, 24-январда, Ысык-Көл облусунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Жол кырсыгы Каракол — Бишкек унаа жолунда, Түп районундагы Күрмөнтү айылынан анча алыс эмес жерде болгон.
"Mercedes-Benz Sprinter жолдон чыгып кетип бакты сүзгөн. Анын ичинде айдоочу жана 17 жүргүнчү болгон. Кырсыктын кесепетинен бир аял көз жумду”, — деп айтылат маалыматта.
Жаракат алган жети киши тийиштүү жардам алып жатат. Алардын арасындагы алты жаштагы бала реанимацияда болсо, калгандары палатада.