Кара-Сууда айдоочу аял жол четиндеги бетонду сүзүп каза болду

© AFP / FRED DUFOURАял унааны айдап жатат. Архив
Аял унааны айдап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Ош — Кара-Суу унаа жолунун 19-чакырымында болгон. Унаадагы 18 жаштагы жүргүнчү ооруканага жеткирилди.

ОШ, 13-мар. – Sputnik. Кара-Суу районунун Тельман айылында айдоочу аял кырсыктап көз жумду. Бул тууралуу облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирди.

Окуя бүгүн, 13-мартта, таңкы саат 04:00дөр чамасында болгон.

Ош — Кара-Суу унаа жолунун 19-чакырымында Кара-Суу айылынын 36 жаштагы жашоочусу Mersedes Benz үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, жол четиндеги бетон тосмолорду сүзүп кеткен.

"Кырсыктын кесепетинен айдоочу аял мүрт кеткен", — дешти милициядан.

Унаада 18 жаштагы жүргүнчү болгон, ал райондук ооруканага жаткырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0