Кесиптик билим берүү мекемелери да каникулга тарады. Министрликтин буйругу

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКонкурс среди студентов профессиональных колледжей по специальностям "Сварщик" и "Столяр"
Конкурс среди студентов профессиональных колледжей по специальностям Сварщик и Столяр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик окуу бөлмөлөрүндө, аудитория, жатакана, коомдук жайларда санитардык тазалоону тапшырды. Билим берүү мекемелериндеги кызматкерлердин эмгек акысы сакталат.

БИШКЕК, 15-мар.—Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги мектеп, жогорку окуу жайларынан тышкары кесиптик билим берүү мекемелерин да мөөнөтүнөн мурда каникулга таратуу боюнча буйрук чыгарды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Бала бакчанын ишки күндөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда бала бакчалар дагы карантинге жабылабы? Өкмөттүн жообу
Буга чейин Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, анда коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн Кыргызстанда мектептер жана жогорку окуу жайлары 16-марттан тарта үч жумага карантинге жабылары боюнча чечим кабыл алынган.

Анын негизинде билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билим берүү уюмдарын мөөнөтүнөн мурда үч апталык каникулга чыгаруу тууралуу буйрукка кол койду.

Ага ылайык, 2020-жылдын 16-мартынан 8-апрелине чейин жеке менчик экендигине карабай жалпы билим берүү уюмдары, кесиптик башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларында окуу токтойт.

"Билим берүү министрлиги окуу бөлмөлөрүндө, аудитория, жатакана, коомдук жайларда санитардык тазалоону тапшырды. Билим берүү мекемелериндеги кызматкерлердин эмгек акысы сакталат", — деп жазылат маалыматта.

Каникул мезгилинде күндүзгү жана кечки бөлүмдөрдө билим алган студенттер үчүн окуу процесси дистанттык түрдө жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0