Кыргыз-казак жана кыргыз-өзбек чек арасындагы бекеттер кадимки режимде иштөөдө

© Sputnik / Табылды КадырбековПриток беженцев из Казахстана из-за беспорядков в Кордайском районе
Приток беженцев из Казахстана из-за беспорядков в Кордайском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки мамлекетте тең коронавирус жуктуруп алгандар бар. Мындан улам коңшулар өлкө аймагына кирип-чыгууга чектөө киргизген.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргыз-казак жана кыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрүү бекеттери кадимки режимде иштеп жатканын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, Казакстан менен Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алгандар аныкталып, казак бийлиги өзгөчө кырдаал жарыяласа, Ташкент чек ара жабылып, авиакаттамдар токтогонун билдирген

"Ушу тапта чек аралардагы өткөрүү бекеттери кадимки режимде иштеп жатат. Өткөрүү пункттарынын мындан аркы иши боюнча сүйлөшүүлөрдү эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери жүргүзөт", — деп айтылат маалыматта.

Самолет аэробус А-319-100 авиакомпании German Wings - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан башка мамлекеттер менен чек арасын жаап, авиакаттамдарды токтотот
Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да билдирүү таратып, Чыңгыз Айдарбеков эки кесиптеши менен коронавирус боюнча кырдаалды талкуулашканын маалымдады.

Анда казак жана өзбек тарап бүгүнкү күндө Кыргызстан менен транзиттик жүккө чектөө киргизилбегенин айтканы кабарланган. Казакстанда мындан кийинки кадамдар коронавирустан улам өзгөчө кырдаал киргизилгенине байланыштуу түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын кабыл алган чечимдерине жараша болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0