Ошто медициналык бет каптар тигиле баштады

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЗапуск производства тканевых масок в Новосибирской области
Запуск производства тканевых масок в Новосибирской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым өлкөлөр экспортту токтотушкандыктан Кыргызстанда маска тартыштыгы жаралган. Жакын арада республикалык штаб маскалар өлкөдө тигилип башталарын убадалаган болчу.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Вирустук инфекциялардын тарашын алдын алуу үчүн, анын ичинде коронавирустун жайылуу коркунучунан улам Ош шаарында медициналык бет кап тигүү башталды. Бул туурасында аталган калаанын муниципалитетинен билдиришти.

Билдирмеге ылайык, маскалар ишканалардын биринде тигилүүдө.

"Күнүнө 10 миң даана бет капты, айына 400 миңди, ал эми жылына 10 миллионго чейин масканы чыгара алат. Аталган продукт бардык стандартка төп келет", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Оштогу башка ишканалар тарабынан бет кап чыгаруу боюнча сунуштар айтылганы белгиленет.

Медициналык маска кийген адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Колдонулган бет каптар кайда ташталат. Гонконгдо тартылган видео
Калаа мэриясы Антимонополия кызматына медициналык препараттарды, анын ичинде маскалардын баасын көзөмөлдөөгө тапшырма берилгени кошумчаланды.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери коронавирус дүйнө жүзүнө тарап жаткандыгынан улам Кыргызстанда маска тартыштыгы жаралган. Себеби айрым өлкөлөр экспортту токтоткон болчу. Жакын арада аталган илдеттин алдын алуу боюнча штаб маскалар өлкөдө тигилип башталарын убадалаган.

Саламаттык сактоо министрлигинин айтымында, Кыргызстан боюнча коронавирус жуктуруп алгандар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0