Азык-түлүктүн баасы негизсиз көтөрүлсө каякка кайрылуу керек. Номерлер

© Sputnik / Табылды КадырбековОш базарындагы азык-түлүк дүкөнү
Ош базарындагы азык-түлүк дүкөнү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тамак-аштын баасы себепсиз көтөрүлө турган болсо Финполдун нөөмөт бөлүмүнө байланышууга болот. Мекеменин кызматкерлери жеринен текшерүү иштерин жүргүзмөкчү.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы жарандарды азык-түлүктүн баасы негизсиз көтөрүлгөн фактыларды кабарлап коюуну өтүнөт.

Буга чейин мекеменин маалымат кызматы алып сатарлык менен алектенген бир катар ишкерлерге карата сотко чейинки өндүрүштөрдү баштаганын билдирген. Узаган дем алышта айрым базарларда жана супермаркеттерде азык-түлүктөр массалык түрдө сатып алынганы байкалган. Учурдан пайдаланган кээ бир ишкерлер товардын баасын көтөрүп жиберишкен.

Азык-түлүктүн баасы себепсиз көтөрүлө турган болсо, (0312) 32-30-91 жана 32-37-07 номерлери аркылуу Финполдун нөөмөт бөлүмүнө байланышууга болот. Мекеменин кызматкерлери жеринен текшерүү иштерин жүргүзмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0