Коронавирус акча аркылуу жугары аныкталды. Вирус кагазда канча күн жашайт

Жазылуу
Адистер көчөдө же коомдук жайларда жүргөн маалда бети-башты кармалай бербеш керектигин айтышты. Ошондой эле сырттан келгенде смартфонду антисептикалык каражаттар менен тазалап алуу сунушталат.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Коронавирус накталай акча аркылуу жугушу мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштамаларына таянып Россиядагы колдонуучулардын жана адам жашоосунун жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматы (Роспотребнадзор) маалымдады.

"Уюмдун билдиргенине караганда, коронавирус кагазда 3-4 күн, желим буюм-тайымда тогуз күнгө чейин жашайт. Андыктан банк картасы аркылуу төлөм жүргүзгөндө пин-кодду терип жатып этият болуу керек", — деп айтылат билдирүүдө.

Адистер көчөдө же коомдук жайларда жүргөн маалда бети-башты кармалай бербеш керектигин айтышты. Ошондой эле сырттан келгенде смартфонду антисептикалык каражаттар менен тазалап алуу сунушталат.

Коронавирус боюнча акыркы маалыматтарга токтолсок, дүйнө жүзүндө жуктургандардын саны 169 385 болду. Алардын ичинен 6 513 киши каза таап, 77 257 киши сакайып кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0