Коронавирус жакындады, баарына даяр турушубуз керек! Абылгазиев элге кайрылды

© Sputnik / Эмиль СадыровБрифинг премьер-министра Мухаммедкалыя Абылгазиева
Брифинг премьер-министра Мухаммедкалыя Абылгазиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы коронавирусту алын алуу үчүн коомчулукту Саламаттык сактоо министрлигинин эреже, кеңештерин толук аткарууга чакырды.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Өлкөдө коронавирус аныкталып калышы мүмкүн. Ага Кыргызстан даяр болушу керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев брифинг учурунда айтты.

Ал коңшу мамлекеттер Казакстан менен Өзбекстанда коронавируска кабылган учурлар катталганын эскертти.

"Картаны карасаңыздар, коронавирус аныктала элек аз эле мамлекет калды. Анын ичинде Кыргызстан да бар. Өзбекстан менен Казакстанда чыкты. Оору аныктала элек өлкөлөрдүн саны уламдан-улам азайып жатат, биз да буга даяр турушубуз керек. Бул мамлекеттерден бизге миңдеген адам кирип-чыгат. Ошондуктан вирус келбейт деп айта албайбыз. Бул жалпы элдин көйгөйү. Илдет менен чогуу күрөшүп, Саламаттык сактоо министрлиги сунуштаган эреже, кеңештерди сактайлы", — деди өкмөт башчы.

Ал өкмөт коронавирусту алдын алуу үчүн өкмөт күнү-түнү дем алышсыз иштерин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0