Долларлар менен конверт. Архив

Бейөкмөт уюмдар КРдеги USAID ишмердүүлүгүн сындап жатат

124
(жаңыланган 18:08 16.03.2020)
Мамлекеттик эмес уюмдар долбоорлордун бюджеттери донорлор тарабынан негизсиз бекемделип, эл аралык бейөкмөт уюмдар тарабынан аткарылып жатат деп тынчсызданышууда.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы кээ бир өкмөттүк эмес уюмдар АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттигине (USAID ) нааразылыгын билдирди. Бул тууралуу бейөкмөт 7 уюмдун билдирүүсүндө айтылган.

Алар Кыргызстандагы шайлоону мониторинг жүргүзүүгө катышкан.

Билдирүүдө USAID келе жаткан шайлоого көз карандысыз мониторинг жүргүзүүгө "Общее дело" коомдук уюмуна миллион долларга чукул акча бөлгөнү айтылат. Алар грантты алган тарап "буга чейин эч кимге белгисиз экени жана сынак жарыяланганга чейин эле бир ай мурда түзүлө калганын" белгилешкен.

"Тилекке каршы, эл аралык уюмдардын дал ушундай так эмес мамилесинен улам бейөкмөт уюмдардын бетине көө жабылууда. Коомчулук "грант жеп жан баккандар" деп атап келишет, — деп айтылган билдирүүдө.

Алар нааразылыгын долбоордун координаторуна айтышкандыгын, бирок сын пикир USAID жетекчилигине жетпей калышы деле мүмкүн экенине токтолушту.

"Конкурс Алматыда болгонуна карабай (көп уюмдар дал ушундан улам өң тааныштык болбойт деген ишенимде сынакка катышканын, болбосо Бишкектеги USAID өкүлчүлүгүнөн мурда эле түңүлгөн) катышып, бирок чечим баары бир Бишкектен кабыл алынган деген тыянакка келдик", — дешкен уюмдар.

Билдирүүдө эл аралык уюмдардын "алмашкыс болуп калган" жергиликтүү кызматкерлери өзүнүн бейөкмөт уюмун ачып алып, конкурстан формалдуу түрдө өткөрүп алышат деген маанайда айтылат.

Мамлекеттик эмес уюмдар долбоорлордун бюджеттери донорлор тарабынан негизсиз бекемделип, эл аралык бейөкмөт уюмдар тарабынан аткарылып жатат деп тынчсызданышууда. Алар жергиликтүү мамлекеттик эмес уюмдардын ролун аткарып жатат дешкен.

Билдирүү менен чыккан бейөкмөт уюмдар USAID тарап коомчулук алдына чыгып маалымат беришин жана "Общее дело" коомунун кандай критерийлер менен тандалып алынганына түшүндүрмө берүүсүн талап кылган. Ага мамлекеттик эмес жети уюм кол койгон.

Кыргызстандагы USAID өкүлчүлүгү буга жооп бере элек.

124
Белгилер:
чатак, уюм, Бейөкмөт уюм, сынак, долбоорлор, мониторинг, шайлоо, Кыргызстан
Тема боюнча
Миллиондордун башын жеген ден соолук программалары. Акча кайда сарпталган?
Мунай баасы: Вашингтон менен Эр-Рияд Россияга эмнеге кысым көрсөтүүдө?
Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов. Архивдик сурөт

Коронавирус жуктурган Боронов реанимацияда, бирок абалы туруктуу

39
(жаңыланган 00:14 06.12.2020)
Буга чейин эле Бороновдун реанимацияда дарыланып жатканы айтылып, бирок экс-өкмөт башчынын жардамчысы маалыматты четке каккан.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов реанимациялык блокто жатат, бирок анын абалы туруктуу жана өмүрүнө коркунуч жок. Бул тууралуу Sputnik кабарчысына мурунку өкмөт башчынын жардамчысы Руслан Турдумамбетов кабарлады.

Эске салсак, буга чейин эле 3-декабрда саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү адамдар Бороновдун абалы канааттандырарлык экенин, бирок реанимацияда дарыланып жатканын айтышкан. Бирок анда Турдумамбетов Боронов коронавирустан дарыланып, реанимацияда эмес кадимки палатада жатканын билдирген.  

"Кубатбек Айылчиевичке коронавирус диагнозу коюлган, сатурациясы жакшы, дене табы 36,5-37 градус. Өмүрүнө эч нерсе коркунуч келтирбейт. Ал жандандыруу бөлүмүндө, бирок абалы туруктуу. Мен аны менен бүгүн сүйлөштүм, бардыгы жакшы", — деди Турдумамбетов.

Ал 23:00гө чукул эле сүйлөшкөнүн белгиледи.

Эскерте кетсек, Боронов өкмөттү 2020-жылдын июнь айынан тарта жетектеген, ага чейин вице-премьерликти аркалаган. Октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткени маалым.

39
Белгилер:
реанимация, абал, оору, коронавирус, Кубатбек Боронов
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Сооронбаев: сасык тумоо менен коронавирусту айырмалоо өтө кыйын экен
Жүк ташуучу унаа. Архивдик сүрөт

Кызартта тайгактан унаалар токтоп, айдоочулар жолго кум чачып жаткан видео

64
(жаңыланган 23:06 05.12.2020)
Учурда ал жакка Транспорт министрлигинин тиешелүү кызматынын бир жүктөгүч унаасы жана төрт кызматкери менен тартылды.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Нарындын Кызарт белинде муз, тайгалактан автоунаалар жүрө албай, айдоочулар жолго өздөрү кум чачып жүрөт.

Мындай көрүнүштүн видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды. Айдоочулар тиешелүү кызматтар келбегенине нааразы болушкан.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы видео тууралуу комментарий берип, Кызартка №24 Жол-эксплуатация башкармалыгынын (ДЭУ) бир жүктөгүч унаасы менен төрт кызматкер тартылганын билдирди.

Министрлик белгилегендей, Кызарт ашуусунун ошол жери жол куруучу жеке компаниянын карамагында болгон жана соңку күндөрү аны мекеменин балансына өткөрүп берүү каралып жаткан.

64
Белгилер:
Транспорт жана жолдор министрлиги, Нарын
Тема боюнча
Оштогу "Достук" көпүрөсүнө суу топтолуп, унаалар араң өтүп жатат. Видео