Эртең Бишкектин 23 көчөсүндө жарык өчөт. Тизме

CC0 / Pixabay / a-mblommaОтключение света в Бишкеке
Отключение света в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Түндүк электр" ишканасынын бригадалары электр кубатын жеткирген линиялар менен көмөк чордондордун иштешин текшерип, кээ бирин оңдошот.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Эртең, 17-март күнү, Бишкектин 23 көчөсүндө жарык жок болот. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 09:00-14:00 — Бакай-Ата (Алмамбет, Ак-Уул, Анар, Нооруз жана Чубак көчөлөрү) конушу;
  • 09:00-17:00 — Карасаев жана Юнусалиев көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Мурас-Ордо конушу;
  • 09:00-18:00 — Туюк, Красная, Гагарин, Асаналиев, Кочкор, Тыныбеков көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Иркутский туюк көчөсү, Арча-Бешик (Баба-Ата, Шербет, Кара-Кужур көчөлөрү) жана Ак-Өргө (Кырк-Чоро, Саадак, Камбаркан көчөлөрү) конуштары;
  • 09:30-18:00 — Көк-Жар (Ахунбаев, Көк-Жайык жана Көк-Жаңгак көчөлөрү) жана Жеңиш конуштары.
Жаңылыктар түрмөгү
0