Чүйдөн жоголгон өспүрүм кыздар Баткенден табылды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүДорога на одной из улиц в Москве
Дорога на одной из улиц в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
16 жаштагы үч өспүрүм кыз 17 жаштагы бала менен Баткенге качып кетишкени аныкталды. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында териштирүү амалдары жүрүп жатат.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунан жоголгон өспүрүм кыздар 15-март күнү Баткенден табылып, ата-энелерине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 12-мартында 37 жаштагы А.К. менен 35 жаштагы Т.Ы. аттуу жарандар милицияга кайрылган. Алар 16 жаштагы кыздары 10-март күнү үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдиришкен. Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган. Териштирүү учурунда жоголгон эки кыз дагы бир өспүрүм кыз жана бала менен сүйлөшүп алып, төртөө 11-мартка караган түнү Баткенге кетишкени аныкталган.

"16 жаштагы үч өспүрүм кыз 17 жаштагы бала менен Баткенге качып кетишкен. Алардын жанында акчасы жок болгондуктан таксистти "ата-энебиз тосуп алып, акча беришет" деп алдап коюшкан. Бирок автовокзалга жеткенде качып кетишкен. Кийин милиция тарабынан кармалышкан", - деп айтылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында териштирүү амалдары улантылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0