Учак. Архив

Коронавирустан улам Кыргызстан кайсы авиакаттамдарды токтотту. Тизме

2624
(жаңыланган 22:08 16.03.2020)
Кыргызстанда эл аралык авиакомпаниялардын жана атамекендик бир уюмдун бир нече каттамы токтоду.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту коронавирус кооптуулугунан улам бир нече авиакаттамды токтоткондугун билдирди.

Мындай кадам Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча пандемия кырдаалын жарыялагандан кийин кабыл алынгандыгы айтылды.

Төмөнкү авиабагыттар токтотулуп же кийинкиге жылдырылган:

  • Үрүмчү — Бишкек — Үрүмчү багыты. China Southern Airlines компаниясы. 23-январдан 1-февралга дейре Кытай Жаңы жылын белгилөөдө токтоткон;
  • Дубай — Бишкек — Дубай багыты. Бириккен Араб Эмирлигинин (БАЭ) Fly Dubai компаниясы. Жүргүнчүлөр 17, 18, 19, 21, 23, 26-мартта учпай калган;
  • Шаржа — Бишкек — Шаржа каттамы. Air Arabia (БАЭ) компаниясы. 10 -15-апрелге чейин шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрдөгү багыттар;
  • Нур-Султан — Бишкек — Нур-Султан каттамы. Air Astana (Казакстан) компаниясы. Жүргүнчүлөр март, апрель ичи учпайт. Жумасына төрт ирет уча турган багыттар токтоду;
  • Алматы — Бишкек — Алматы каттамы. Air Astana авиакомпаниясынын 16 жана 18-марттагы багыты;
  • Ташкент — Бишкек — Ташкент каттамы. Uzbekistan Airways (Өзбекстан) авиакомпаниясы. 16-28 - марттагы жана 6-27 – апрель ичинде ишемби күндөрү болгон каттамдар. Андан сырткары, 1-22-апрелдеги ар шаршембидеги багыттар токтотулган;
  • Ростов-на-Дону — Бишкек — Ростов-на-Дону каттамы. Ural Airlines (Россия) авиакомпаниясы. Жүргүнчүлөр 11 жана 25-мартта уча албай калат;
  • Тегеран — Душанбе — Бишкек — Тегеран каттамы. Varesh Airlines (Иран) авиакомпаниясы. Жүргүнчүлөрдү ташуу 3-февралдан башталып, 25инен тарта белгисиз мөөнөткө токтотулду;
  • Жергиликтүү Avia Traffic компаниясынын рейстери токтоду;
  • Екатеринбург — Бишкек — Екатеринбург каттамы. 11,18 жана 25-мартта учпайт;
  • Бишкек — Дели — Бишкек каттамы 15, 19 жана 26-мартта, андан сырткары, апрель ичи учпайт;
  • Бишкек — Стамбул — Бишкек. 19, 22, 26, 30-марттагы жана 2, 3, 5, 6, 9, 10, 12, 13, 16, 17-апрелде учпайт;
  • Бишкек – Санкт-Петербург — Бишкек. 21, 28-март, андан сырткары, 4, 11, 15, 18 -апрелдеги каттамдар аткарылбайт;
  • Ошто 10-марттан 1-апрелге чейин Эль-Кувейт — Ош — Эль-Кувейт каттамын Jazeera Airways авиакомпаниясы токтотту;

"Манас" аэропорту билеттерди кайрадан брондоо же артка тапшыруу, каттамдарды тактоо суроолору менен авиакассаларга чалууну өтүнөт. Тагыраагы, билет кайсы жактан алынса, ошол жакка кайрылуу керектигин эскертти.

2624
Белгилер:
жүргүнчү, учак, коронавирус, аба каттамы, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1471)
Тема боюнча
Абылгазиев күйүүчү май маселеси боюнча РФ премьери Мишустин менен сүйлөштү
Карантинден баш тарткандар барбы? Башкы прокуратура обсервация жайларын текшерди
Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаран реанимацияга которулду
Турак жайдын кире беришин дезинфекциялоо. Архив

Короо кыдырып... Бишкекте коронавирусту аныктоо үчүн сурамжылоо башталды

7
(жаңыланган 18:59 01.06.2020)
Медицина кызматкерлери үчүн короо-жайларга жана үйлөргө кирүүгө катуу тыюу салынган. Сурамжылоону эл каттоо менен алмаштырып албоо да эскертилди.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясына караштуу Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын директору Бактыгүл Исмаилова коронавирусту аныктоо максатында калаадагы короолорду кыдыруу иштери башталганын айтты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Исмаилованын айтымында, бул ишке квартал, көчөлөрдө жашаган улуулар, турак жай активисттеринен турган бригадалар тартылып жатат. Сурамжылоого медиктер да катышат.

"Адамдар ооруп, дене табы көтөрүлүп, дем алуусу кыйындап, жөтөлүп жатса да медициналык жардамга кайрылбай жатышат. Ооруган адамдар жумушуна барып, коомдук жайларда болуп, качан гана оорунун белгилери курчуй баштаганда 118 номерине чалышууда. Мобилдик бригадалар барган учурда айрым бейтаптардын ПЦР-тесттери оң болуп чыгып жатат", — деди Исмаилова.

Ал медицина кызматкерлери үчүн короо-жайларга жана үйлөргө кирүүгө катуу тыюу салынганын кошумчалады. Ошондой эле сурамжылоону эл каттоо менен алмаштырып албоого чакырды.

"Эл каттоо менен медициналык каттоону чаташтырбоо керек", — деди Исмаилова.

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1817 болду. Анын ичинен 1181и айыгып, 16сы көз жумган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

7
Белгилер:
сурамжылоо, коронавирус, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1471)
Тема боюнча
Бишкекте 1-июндан баштап иштей баштаган тармактардын тизмеси
Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 1 июня, в Международный день защиты детей встретился с детьми — участниками телепроекта «Мээрим».

Президент менен жолуккан балдар "Ала-Арчада" сейилдешти. Сүрөттөр

18
(жаңыланган 18:54 01.06.2020)
Сооронбай Жээнбеков балдарга өзүнүн жумушу жөнүндө айтып берип, заманбап санарип технологияларды терең өздөштүрүүсүн каалап, ошол эле убакта китеп окууну да унутпоого чакырды.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө, ата-энесинен ажыраган балдардын таржымалын көрсөткөн "Мээрим" теледолбооруна катышкан балдар менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууга Актан Жумабеков (12 жашта), Бүбүрахима Абсатар кызы (15 жашта), Диана Аманкожоева (11 жашта), Эрбол Мансуров (13 жашта) жана Ыйманбай Куштарбеков (12 жашта) катышты. Президент аларды бүгүнкү майрамы менен куттуктады.

  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 1 июня, в Международный день защиты детей встретился с детьми — участниками телепроекта «Мээрим».
    Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө, ата-энесинен ажыраган балдардын таржымалын көрсөткөн "Мээрим" теледолбооруна катышкан балдар менен жолугушту.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 1 июня, в Международный день защиты детей встретился с детьми — участниками телепроекта «Мээрим».
    Жолугушууга Актан Жумабеков (12 жашта), Бүбүрахима Абсатар кызы (15 жашта), Диана Аманкожоева (11 жашта), Эрбол Мансуров (13 жашта) жана Ыйманбай Куштарбеков (12 жашта) катышты.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 1 июня, в Международный день защиты детей встретился с детьми — участниками телепроекта «Мээрим».
    Президент аларды бүгүнкү майрамы менен куттуктады.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 1 июня, в Международный день защиты детей встретился с детьми — участниками телепроекта «Мээрим».
    Жээнбеков балдарга өзүнүн жумушу жөнүндө айтып берип, заманбап санарип технологияларды терең өздөштүрүүсүн каалап, ошол эле убакта китеп окууну да унутпоого чакырды.

    Мамлекет башчысы балдарга бекем ден соолук, бактылуу жашоо, бакубат турмуш жана окууларына ийгиликтерди каалады.

    Жолугушуунун катышуучулары президенттин колунан белек катары ноутбук алышты.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 1 июня, в Международный день защиты детей встретился с детьми — участниками телепроекта «Мээрим».
    Балдардын арасынан Актан Жумабеков карапачылык искусство менен алектенерин айтып, Жээнбековго өз колу менен жасаган илбирс түрүндөгү акча салып коюучу кутуну белек кылды.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 1 июня, в Международный день защиты детей встретился с детьми — участниками телепроекта «Мээрим».
    Маалымат кызматтан билдиришкендей, президенттин 2019-жылдын декабрь айындагы жыйынтыктоочу пресс-конференциясында КТРКнын "Мээрим" долбоорунун авторунан президентке катышкан балдар менен жолугушуу сунушу түшкөн.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 8
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө, ата-энесинен ажыраган балдардын таржымалын көрсөткөн "Мээрим" теледолбооруна катышкан балдар менен жолугушту.
"Балдар Жээнбековдун кичине кездеги кыялдары менен каалоолору жөнүндө кызыктырган суроолорун берип, өз пландары, кызыккан кесиптери тууралуу айтып беришти. Президенттен балдар үйлөрүндө, интернаттарда тарбияланып жаткан балдардын тагдыры боюнча пикирине кызыгышты. Ошондой эле президенттин күнүмдүк ишинде туш болгон көйгөйлөр менен алдыга коюлган пландарын сурашты", — деп айтылат билдирүүдө.

Жээнбеков балдарга өзүнүн жумушу жөнүндө айтып берип, заманбап санарип технологияларды терең өздөштүрүүсүн каалап, ошол эле убакта китеп окууну да унутпоого чакырды.

Мамлекет башчысы балдарга бекем ден соолук, бактылуу жашоо, бакубат турмуш жана окууларына ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун катышуучулары президенттин колунан белек катары ноутбук алышты. Балдардын арасынан Актан Жумабеков карапачылык искусство менен алектенерин айтып, Жээнбековго өз колу менен жасаган илбирс түрүндөгү акча салып коюучу кутуну белек кылды.

"Андан соң балдар президент менен "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын аймагында сейилдеп, өлкө башчы аларга мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар жана расмий жолугушуулар өтчү жерлер тууралуу айтып берди", — деп жазылган кабарда.

Маалымат кызматтан билдиришкендей, президенттин 2019-жылдын декабрь айындагы жыйынтыктоочу пресс-конференциясында КТРКнын "Мээрим" долбоорунун авторунан президентке катышкан балдар менен жолугушуу сунушу түшкөн. Ал эми бүгүнкү кездешүүгө президент менен жолугушууну каалаган катышуучулар чакырылган.

18
Белгилер:
куттуктоо, майрам, жолугушуу, балдар, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Кыздардан эркек балдар көп. Бөбөктөр боюнча кызыктуу статистика
Президент балдар уюмдарына жардам иретинде 1 миллион сом бөлдү. Тизме
Жол кырсык. Архивдик сүрөт

Тамтыгы калбай калыптыр! Кантта кагышкан үч автоунаанын видеосу

0
Жол милициясынын берген маалыматы боюнча, кырсык болжол менен саат 17.00дөр чамасында болгон. Эки киши жабыркаганы айтылды.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кантта үч автоунаа кагышкан жол кырсыгы катталганын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Окуя болгон жерден тартып алынган видео "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Жол милициясынын билдирүүсү боюнча, кырсык болжол менен саат 17.00дөр чамасында болгон. Эки киши жабыркаганы айтылды. Каза болгондор жок.

Алдын ала маалыматка ылайык, кырсыкка Honda Odyssey, ВАЗ 2107 жана Hyundai автоунаалары кабылган.

Кадрдан окуяга күбө болгондор капталына оодарылып калган Honda Odyssey машинасын тургузуп жатканын көрүүгө болот.

Ушу тапта ЖКККББ кызматкерлери иштеп жатышат, кырсыктын себеби такталууда.

0
Белгилер:
окуя, күбө, милиция, Кант, жол кырсык
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Түндө Кубакы ашуусундагы автокырсыктан бир аял каза тапты
Бишкекте милициянын унаасы жол кырсыгына кабылды. Күбөнүн видеосу
Тосмого урунган автоунаа. Бишкектин чок ортосундагы жол кырсыгынын видеосу