Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда коронавирус боюнча абал кандай? Вице-премьердин маалыматы

359
(жаңыланган 12:01 17.03.2020)
Кечээтен тарта Кыргызстандагы түнкү клубдар, кинотеатрлар, компьютердик клубдар жабылган. Окуучулар менен студенттер үч жумага каникулга чыгышты.

Өкмөт 16-марттан коронавирус боюнча Кыргызстандагы абал тууралуу маалымат берип турарын кабарлаган. Бүгүн вице-премьер Алтынай Өмүрбекова кырдаал тууралуу айтып бермекчи.

Sputnik Кыргызстан жыйынтан тексттик трансляция жүргүзүүдө.

Жаңы билдирүү
  • 12:01
    Доллары и сомы в сейфе

    Коронавирус: өкмөт убактылуу ишин токтоткон ишкерлерге насыя каникулун берет

    16-март күнү Кыргызстанда коронавирустун жайылуусун алдын алуу максатында бардык түнкү клуб, кинотеатр, компьютердик клубдар жабылган.
    Дагы
  • 11:50

    Бакчалар бир бала келсе да иштей берет. Бул тууралуу брифинг учурунда вице-премьер Алтынай Өмүрбекова айтты.

  • 11:46

    Өмүрбекова окуучулар каникулга тараганы менен мугалимдер иштеп жатканын айтты.

    "Эгер өлкөдө эпидемиологиялык абал курчуп кетсе, анда мугалимдер да тарайт. Азырынча өлкөдө кырдаал туруктуу. Негизи педагогдор дистанциондук түрдө деле иштесе болот", — деди вице-премьер.

  • 11:42

    Өмүрбекова Кыргызстанга бүгүн Япониядан 2000ге чукул тест-система келгенин айтты.

  • 11:31
    Один из ресторанов Бишкека, где проходит торжество бракосочетания в Бишкеке

    Кыргызстандагы ресторандарда той өткөрүүгө, куран окутууга тыюу салынат

    Өмүрбекова алдыдагы үч жума коронавирустун алдын алууда маанилүү экенине токтолуп, андан ары кырдаал турукташат деген божомол бар экенин айтты.
    Дагы
  • 11:31

    Өмүрбекова: шайлоо, агитация өткөрбөй кое туруу боюнча сунуштарды киргизип жатабыз. Калганын БШК чечет.

  • 11:25

    Өмүрбекова: үч жуманын ичинде дүйнөдө коронавирус боюнча абал турукташышы мүмкүн деген божомол бар. Бул божомол. Ошол себептен үч апта өтө маанилүү деп айткам. Бул убакыт аралыгында бардык эреже, талаптарды аткарууну сурандык.

    Вице-премьер министр Алтынай Омурбекова на пресс-конференции республиканского штаба по предупреждению коронавируса
    © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
  • 11:19

    Өмүрбекова: эгер 50 орундан ашык орун болсо, ашкана, тамак ичүүчү жайларды убактылуу жабалы деп жатабыз. Алар тамактарды жеткирип беришет.

  • 11:16

    1-категориядагы мамлекеттердин саны көбөйдү

    Алар: Италия, Иран, Испания, Түштүк Корея, АКШ, Германия, Щвейцария, Англия, Норвегия, Австрия, Япония, Голландия, Швеция, Бельгия, Австрия. Эми бул өлкөлөрдөн келгендерге Кыргызстандын аймагына кирүүгө тыюу салынат.

  • 11:15

    Өмүрбекова массалык иш-чараларды тыюу салуу боюнча өкмөттүн токтомуна өзгөртүүлөр кирип жатканын айтты. Сунуштар тыюу салууга алмаштырылып жатат.

    Вице-премьер министр Алтынай Омурбекова на пресс-конференции республиканского штаба по предупреждению коронавируса
    © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
  • 11:15

    Өмүрбекова: ресторандарда иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салууну карап жатабыз.

  • 11:10

    Вице-премьердин айтымында, обсервация жайларында 321 киши бар.

    Вице-премьер министр Алтынай Омурбекова на пресс-конференции республиканского штаба по предупреждению коронавируса
    © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
  • 11:09

    Кыргызстанда коронавирус жуктургандар жок

    Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок, абал туруктуу. Штаб күнү-түнү иштеп жатат. Бул тууралуу вице-премьер Алтынай Өмүрбекова брифинг учурунда айтты.

live
Кыргызстанда коронавирус боюнча абал кандай? Вице-премьердин маалыматы
+
359
Белгилер:
Алтынай Өмүрбекова, Кыргызстан, өкмөт, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2263)
Тема боюнча
Карантиндин бала бакчага эмнеге тиешеси жоктугун вице-премьер түшүндүрүп берди
Коронавирустан улам Кыргызстан кайсы авиакаттамдарды токтотту. Тизме
Россия чет элдиктер үчүн чек арасын убактылуу жабат. Коронавирус кесепети
Россия, Казакстан жана Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө