Вице-премьер: Кыргызстанда коронавирус жуктургандар жок

Жазылуу
Өкмөт күн сайын коронавируска байланыштуу өлкөдөгү абал боюнча маалымат берип турмай болду.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок. Бул тууралуу вице-премьер Алтынай Өмүрбекова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, ушу тапта өлкөдө абал туруктуу. Ал эми обсервация жайларында 321 адам кармалууда.

Эскерте кетсек, коронавирустун өлкөгө киришин жана жайылышын алдын алуу боюнча түзүлгөн штаб 16-марттан тарта бардык түнкү клубдарды, икнотеатралрды, компьютердин клубдарды жапкан болчу. Ал эми окуучулар менен студенттер үч жумалык карантинге тараган.

Sputnik Кыргызстан брифингден тексттик трансляция жүргүзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0