Бишкектеги автоунаалар. Архивдик сүрөт

ОСАГО мыйзамы 1-апрелден тарта иштей баштайт. Кайсы айдоочулар кирет

193
(жаңыланган 12:54 17.03.2020)
ОСАГО боюнча жаңы мыйзам жалпы элге 2022-жылдан тарта иштей баштайт. Жогорку Кеңеш толукталган мыйзам долбоорун жылдын башында кабыл алган.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" (ОСАГО) мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин ОСАГО боюнча мыйзам долбоору толукталып, аны Жогорку Кеңеш жылдын башында кабыл алган. Анда айдоочулардын категориясына жараша мөөнөттөр берилген.

ОСАГО кайсы айдоочуга, качан иштеп баштайт?

  • 2020-жылдын апрель айынан тарта автоунаа ээси болгон чет элдик жарандарга, юридикалык тараптарга, анын ичинен мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарга, жүк көтөрүмдүүлүгү 12 тоннадан ашкан автоунаалардын кожоюндарына тиешелүү болот;
  • 2021-жылдын 1-январынан тарта жүк ташуучу автоунаа ээлерине (12 тоннага чейин) жана эл ташуу менен алектенгендерге тиешелүү болот;
  • 2022-жылдын 1-январынан тарта жалпы элге.

ОСАГО же унаа ээлерин камсыздандыруу — бул айдоочулардын унаасы менен ден соолугу камсыздандыруу компаниялары тарабынан камкордукка алынышы.

Документ көрсөтүлгөн мөөнөтүнөн баштап ишке кирери менен айдоочулар жол кырсыгынын натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу кепилдигине ээ болот. Мындан тышкары, мүлктү калыбына келтирүүгө жана дарыланууга кеткен чыгымдан корголуп, компенсация ала алышмакчы.

Эске салсак, аталган мыйзам былтыр да кабыл алынып, бирок кайра толуктоого жөнөтүлгөн.

193
Белгилер:
камсыздандыруу, айдоочу, ОСАГО, мыйзам, президент
Тема:
Кыргызстандагы унаа ээлеринин жоопкерчилигин сөзсүз камсыздандыруу (12)
Тема боюнча
Өмүрбекова: коронавирусту алдын алууда алдыдагы үч апта өтө маанилүү!