Москвадагы жайында кишилер эс алып жүрөт

Россияда коронавирус жуктургандардын ичинен беш адам айыгып кетти

263
(жаңыланган 13:45 17.03.2020)
Россия аймагында 16-мартка карата вирусту жуктуруп алган 93 учур катталган.

БИШКЕК, 17- мар. - Sputnik. Россияда коронавирусту жуктуруп алган беш киши толугу менен айыгып кеткенин РИА Новости стопкоронавирус.рф сайтына шилтеме кылып берди.

"Ооруп калган беш кишинин сакайып кеткени кабарланды", — деп жазылган маалыматта.

Россия аймагында 16-мартка карата вирусту жуктуруп алган 93 учур катталган. Жалпысынан 110 изилдөө жүргүзүлгөн.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 11-мартта планетаны "селт" эттирген COVID-19 вирусунун пандемияга өткөнүн жарыялаган.

17-март, эртең мененки маалыматка ылайык, коронавирус менен ооругандардын саны 182 405ке жетип, 7 154 адам көз жумду. Ал эми айыккан бейтаптардын саны 79 433.

Кыргызстандын коңшулары Казакстан менен Өзбекстанда бул вирусту жуктуруп алгандар бар экени маалымдалды. Кыргызстандын вице-премьери Алтынай Өмүрбекова бүгүнкү брифингде өлкөдө коронавирус жуктурган адам катталбагандыгын айтты.

263
Белгилер:
изилдөө, инфекциялык оору, коронавирус, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1167)
Тема боюнча
Коронавирус менен күрөш: ЕАЭБ өлкөлөрү бири-бирине жардам бермей болду
Россия, Казакстан жана Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө
Көчөдө бараткан маскачан адам. Архив

ДССУ: коронавирус пандемиясы жакын арада токтобойт

7
Адис элде иммунитеттин деңгээли жетиштүү болгондо гана пандемиянын мизи кайта турганын божомолдогон. Ошондой эле ДССУ коронавирустун вакцинасы жакын арада даяр болуп каларына үмүт артып жатканын кошумчалаган.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Коронавирус пандемиясы жакынкы айларда токтойт деп күтүүнүн кажети жок. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Россиядагы өкүлү Мелита Вуйнович билдиргенин "Известия" басылмасы жазды.

"Коронавирус пандемиясы бир нече айда бүтө калчу нерсе эмес. Бирок аны жеңүүгө аракет кылышыбыз керек", — деген ал.

Вуйнович иммунитеттин деңгээли жетиштүү болгондо гана пандемиянын мизи кайта турганын божомолдогон. Ошондой эле ДССУ коронавирустун вакцинасы жакын арада даяр болуп каларына үмүт артып жатканын кошумчалаган.

"Коронавирус башка вирустар сыяктуу эч кайда кетпей турганына адамдардын көздөрү жетип, ага көнө баштаганда гана пандемия соңуна чыгат", — деген адис.

Ал аталган вирус менен жашоого көнүү зарылдыгына токтолуп, бирок ага баш ийбей күрөшүү керектигин белгилеген.

7
Белгилер:
оору, божомол, пандемия, коронавирус, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму
Тема боюнча
ДССУ: COVID-19га кабылган бейтаптарды ремдесивир менен дарылоого болбойт
Россия менен ДССУ Кыргызстанга 3,5 млн. сомдук гумжардам берди
Шоколад. Архив

Адис адам шоколадга эмне үчүн жакын болорун айтып берди

18
Дарыгер шоколадды кечке эңсей берүү кадимки эле адаттын кесепети да болушу ыктымалдыгын четке какпайт.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Адамдын организми шоколадды ири алдыда депрессияга каршы зат катары талап кылат. Бул тууралуу аллерголог-иммунолог, медицина илимдеринин кандидаты Анатолий Балага шилтеме кылып "Известия" басылмасы жазды.

Адистин айтымына караганда, бул таттуунун аны сүйүп жегендердин тишине эле эмес, саламаттыгына да зыянын тийгизүү кооптуулугу бар.

Бирок негизи шоколадды тоё жегиси келгендик адамдын организминде кайсы бир заттын жетишпестигинен кабар берет.

"Кишинин бул таттууга жакын экендиги анын организминин депрессияга каршы кайсы бир затка муктаж болуп жаткандыгынын белгиси", — деген медик.

Дарыгер адам шоколадды жеп, мээнин иштөө активдүүлүгүн жогорулаткысы келерин, себеби анын курамында кофеин бар экендигин кошумчалады.

Анткен менен Бала жогорудагы таттуу азыкты кечке эңсей берүү кадимки адаттын кесепети да болушу ыктымалдыгын четке какпайт. Ага адам чай же кофе сыяктуу көнүп калышы толук мүмкүн.

18
Белгилер:
мээ, чай, кофе, шоколад
Тема боюнча
Дарыгер боорго зыяндуу азык-түлүктөрдү атады. Тизме