Бишкектеги №3 бейтапкана карантинге жабылды деген маалымат төгүндөлдү

© Пресс-служба Департамента здравоохранения города Москвы / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мессенджер аркылуу "Ташкенттен келген аял текшерилип, бейтапкана карантинге жабылды" деген билдирүү тараган.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Бишкектин №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчилиги мекеме карантинге жабылды делген маалыматты четке какты.

Буга чейин мессенджер аркылуу аталган медициналык мекемеде Ташкенттен келген аял текшерүүдөн өтүп жаткандыктан карантинге жабылат деген билдирүү тарап жаткан.

Камактагы аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кочкор: дезинфекция кылгандардан шек санап, фейк маалымат тараткан аял сурак берди
Бирок үй-бүлөлүк медицина борбору бул маалыматты төгүндөп, бейтапкана штаттык режимде иштеп жатканын белгиледи. Ташкенттен келгендерди кабыл алуу болгон эмес.

Соңку маалымат боюнча, Өзбекстанда 10 адам коронавирус жуктурган.

Буга чейин коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан бир нече адам милицияга сурак берген. Аталган фактылар 344-берене ("Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынат.

ИИМ жарандарды жалган маалымат таратпоого чакырууда. Ошондой эле фейк кабарлар болсо, 102 номерине байланышууну өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0