Курсан Асановдун жан сакчысы Дамирбек Пайзилда уулу үй камагына чыкты

© Фото / Эркинбек Убайдыла уулуИчки иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жан сакчысы жана айдоочусу Дамирбек Пайзылда уулу. Архив
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жан сакчысы жана айдоочусу Дамирбек Пайзылда уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкери Пайзылда уулу 23-август күнү кармалып, тергөө абагына киргизилген.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жан сакчысы жана айдоочусу Дамирбек Пайзылда уулу үй камагына чыгарылды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга анын адвокаты Тимур Султанов билдирди.

© Фото / Памирбек Пайзылда уулуИчки иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жан сакчысы жана айдоочусу Дамирбек Пайзылда уулу үй камагына чыгарылды
Курсан Асановдун жан сакчысы Дамирбек Пайзилда уулу үй камагына чыкты - Sputnik Кыргызстан
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жан сакчысы жана айдоочусу Дамирбек Пайзылда уулу үй камагына чыгарылды

Анын айтымында, бүгүн Биринчи май райондук сотунда Пайзылда уулунун баш коргоо чарасы каралып, судья үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган. Эми ал тергөө бүткөнгө чейин үй камагында болот.

ИИМдин атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкери Дамирбек Пайзылда уулу 23-август күнү кармалып, тергөө абагына киргизилген. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына Кой-Таш окуясына тийиштүү ишке байланышкан документтер менен буюмдарды мыйзамсыз негизде берген деп шектелген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0