Окуучулар менен студенттер окуусун жайында улантабы? Министрликтин жообу

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүУниверситеттеги студенттер окуу учурунда. Архив
Университеттеги студенттер окуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орозматов 8-апрелден тарта бардык окуу жайлары окуусун улантса, анда ЖОЖ, мектептер белгиленген тартипте окуу жылын аяктай турганын айтты.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы мектеп, ЖОЖдор жайында кандай тартипте окуй турганын түшүндүрүп берди.

Аталган министрликтин маалымат катчысы Акылбек Орозматовдун айтымында, эгер 8-апрелден тарта бардык окуу жайлары окуусун улантса, анда ЖОЖ, мектептер окуу жылын белгиленген тартипте, башкача айтканда май айы менен аяктайт.

"Мектеп окуучулары 21-марттан 30-мартка чейин ансыз деле жазгы каникулга тарамак. Бирок дүйнөдө тарап жаткан оорудан улам бир жума эрте каникулга чыгып, мөөнөтү узарды. Сабактары үзгүлтүккө учурабаш үчүн Билим берүү министрлиги окуучуларга окутуунун дистанттык түрүн уюштурууда. Алсак, онлайн сабактар, окутуу телеберүүлөрү, окуу жана адабий китептер, маалыматтык технологиялар жана электрондук ресурстарды колдонуунун башка түрлөрү. Окуучулар үчүн министрликке караштуу https://lib.kg/lib/school/ сайтында ар түрдүү тематикадагы 400гө жакын акысыз окуу материалдар жайгаштырылган", — деди Орозматов.

Ата-энелер министрликтин iBilim (башталгыч класстар үчүн) жана Билим булагы мультимедиалык комплекстерин колдонсо болот.

Орозматовдун айтымында, азыркы тапта жогорку окуу жайлар дагы дистанттык түрдө окуп жатышат. Министрлик аларга болушунча көмөк көрсөтүүдө.

Эске салсак, дүйнөдө тарап жаткан коронавирустан улам Кыргызстанда мектептер жана жогорку окуу жайлары 16-марттан тарта үч жумага карантинге жабылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0