Япония Кыргызстанга коронавирусту аныктоочу 2000 тест-система берди

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүЖаңы коронавирус ооруну аныктоо тест-системалар. Архив
Жаңы коронавирус ооруну аныктоо тест-системалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Такажи Вакита кыргыз элчисине коронавирус боюнча Япониядагы учурдагы кырдаал жана анын жайылышына бөгөт коюу чаралары тууралуу айтып берген.

БИШКЕК, 17-мар. - Sputnik. Япония бүгүн коронавирусту аныктоочу 2000 тест-системаны Кыргызстанга акысыз берди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Контрольно пропускной пункт на границе с Казахстаном  - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга четөлкөлүк жарандардын киришине тыюу салуу сунушталды
13-мартта Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев Япониянын Жугуштуу оорулар улуттук институтунун башкы директору Такажи Вакита менен жолугуп, КРдеги бул кырдаал талкууланган.

Андан сырткары, Такажи Вакита кыргыз элчисине коронавирус (COVID-19) боюнча Япониядагы учурдагы кырдаал жана анын жайылышына бөгөт коюу чаралары тууралуу толук маалымат берген.

Кыргызстанга келген 2000 тест-системалар Саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырылган.

Үч айдан бери дүйнөнү кооптондуруп жаткан COVID-19 коронавирусу пандемия деңгээлине жетти.

17-мартта эртең менен коронавирус жуктургандардын саны 182 405 деп айтылды. 7 154 адам көз жумса, айыккан бейтаптардын саны 79 433 болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0