Өкмөт: башка өлкөнүн жарандыгын алган мекендештер Кыргызстанга кире албайт

Жазылуу
Буга чейин коронавирус коркунучунан улам Кыргызстанга чет элдик жарандардын киришине убактылуу чектөө коюу сунушталып жатканы белгилүү болгон.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында Кыргызстанга четөлкөлүк жарандардын кирүүсүнө тыюу салынган 30 күн ичинде эч кимге өзгөчө шарт каралган эмес. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин коронавирус коркунучунан улам Кыргызстанга чет элдик жарандардын киришине убактылуу чектөө коюу сунушталып жатканы белгилүү болгон.

Мындан улам чет мамлекеттерге, өзгөчө Россияда жашап, орус жарандыгын алган кыргызстандыктар социалдык тармактар аркылуу "Кыргызстанга кире албай калабызбы" деген суроо бере баштады.

"Чектөөлөр кирген күндөн тарта бир дагы чет элдик жаран Кыргызстанга кире албайт. Анын ичинде Россия жарандыгын алган мекендештерибиз дагы болот. Эч кимге өзгөчө шарттар каралган эмес", — деп түшүндүрүштү өкмөттөн.

Бирок бул чектөөлөр чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргызстандыктарга тиешеси жок.

Ошондой эле биринчи категорияга кирген мамлекеттердин саны 15ке чейин өстү. Алар: Италия, Иран, Испания, Түштүк Корея, АКШ, Германия, Щвейцария, Англия, Норвегия, Австрия, Япония, Голландия, Швеция, Бельгия жана Австрия. Жогорудагы мамлекеттерде коронавирус жуктуруп алган 1000ден көп адам катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0