Коронавирус боюнча штабдын тынымсыз байланыш номерлери иштей баштады

© Фото / Пресс-служба Департамента здравоохранения города Москвы / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкерлер жана жүргүнчүлөр. Архив
Медициналык кызматкерлер жана жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн эртең менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандар бар экени аныкталып, расмий маалымат таратылды. Бийлик элди тартипке жана тазалыкка чакырууда.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Коронавирусту алдын алуу боюнча ыкчам штаб тынымсыз байланыш номерлерин ишке киргизди.

0312 323202 номери аркылуу жарандар коронавирус боюнча бардык суроолору менен адистерге кайрыла алат. Ошондой эле 0770 895556 номери менен WhatsApp мессенджери иштөөдө.

Мындан тышкары, Коронавирусту алдын алуу боюнча ыкчам штабдын Telegram-каналына улам жаңы маалыматтарды берип жатат.

Эске салсак, бүгүн Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган ачгачкы учур катталды. Жуктуруп алгандар Сузак районунда. Алар Сауд Аравиясынан келишкен. Үчөө тең 70, 62 жана 42 жаштагы эркек кишилер экени айтылды.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0