Сузак районуна өзгөчө кырдаал киргизилди

© Sputnik / Александр Гейфман / Медиабанкка өтүүРайондук чектөө пункту. Архив
Райондук чектөө пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буйрукка ылайык, Сузак районуна кирүүгө, ошондой эле анын аймагынан райондук штабдын мүчөлөрүнөн тышкары транспорттун бардык түрлөрүнүн чыгуусуна чектөө киргизилди.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.

Маалыматка ылайык, райондук администрация башчысы Эрмекбай Омошевдин буйругунун негизинде төмөнкү иш-чараларга убактылуу чектөөлөр киргизилди:

  • коомдук тартипти сактоону, өзгөчө маанилүү мамлекеттик жана стратегиялык объектилерди, ошондой эле калктын жашоо-турмушун камсыздаган объектилерди коргоону жана унаалардын ишин көзөмөлдөөнү күчөтүү;
  • эл көп чогула турган объектилердин ишмердүүлүгүн токтотуу;
  • Сузак районуна кирүүгө, ошондой эле анын аймагынан райондук штабдын мүчөлөрүнөн тышкары транспорттун бардык түрлөрүнүн чыгуусуна чектөө киргизүү.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган үч адам аныкталды. Алар 12-мартта Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0