Бишкек шаардык штабы түзүлдү. Милдети

Жазылуу
Шаардык штаб калаанын социалдык-экономикалык абалына мониторинг жүргүзүп, күн сайын товарлардын баасы менен алардын запасына баам салып турат.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бишкек мэриясы коронавирус тарап жаткандыгына байланыштуу экономикалык туруктуулукту камсыздоо үчүн шаардык штаб түздү. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка шаардын экономикалык жана каржылык саясат боюнча вице-мэри Алмаз Бакетаев кол койгон. Штабдын курамында мэрия менен бир катар органдардын өкүлдөрү бар.

Мусульманские паломники во время Хаджа - Sputnik Кыргызстан
Сауд Аравияга кичи ажылыкка Ысык-Көлдөн 16 адам барып келген. Бирөө изоляцияда
Шаардык штаб калаанын социалдык-экономикалык абалына мониторинг жүргүзүп, күн сайын товарлардын баасы менен алардын запасына баам салып турат.

Мэрия коронавирустан коргонуу үчүн борбор калаада жогорку даярдык режими жарыяланганын белгиледи.

17-мартка карата азык-түлүктүн баасы канча экендигин муниципалитеттин сайтынан билүүгө болот.

Кыргызстанда учурда коронавируска байланыштуу абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан жана Телеграм-каналдан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0