Кыргызстан чет элдиктерди 19-марттан тарта киргизбей турган болду

Жазылуу
Чектөөлөр эл аралык жүк ташуу менен алектенген ишканалардын айдоочуларына жана дипломаттык кызматтардын өкүлдөрүнө тиешеси жок.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Кыргызстан чет элдиктерге жана жарандыгы жок адамдарга 19-марттын саат 00.00үнөн тарта өлкө аймагына кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу брифингде тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди.

Чектөөлөр эл аралык жүк ташуу менен алектенген ишканалардын айдоочуларына жана дипломаттык кызматтардын өкүлдөрүнө тиешеси жок.

"Кыргызстандын жарандары өлкөгө кирип-чыга берсе болот. Бирок сырттан киргендер келген өлкөсү кайсы категорияга киргенине жараша карантинге алынат. Ошондой эле чет элдиктер каалаган учурунда өлкөдөн чыгып кетүүгө укуктуу", — деди Абдрахманов.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган үч адам аныкталды. Алар 12-мартта Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келишкен. Азыр алар Жалал-Абад облустук жугуштуу илдеттер ооруканасына жаткырылды.

Кыргызстанда учурда коронавируска байланыштуу абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан жана Телеграм-каналдан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0