Бейтапкананын кызматкерлери. Архивдик сүрөт

Бишкектин ооруканаларында жаткан бейтаптарга баруу убактылуу токтотулду

121
(жаңыланган 13:21 18.03.2020)
Шаардык бийлик коронавирус кооптуулугунан улам калаа тургундарын эл көп чогулган жайларга — куран окутууларга, тойлорго, салтанаттарга барбай туруу керектигин эскертти.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Борбор калаанын ооруканаларына жаткандарга убактылуу барбай туруу керек. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мындай буйрукка Саламаттык сактоо боюнча башкармалык 17-мартта коронавирус инфекциясынын таралышын алдын алуу максатында кол койду.

Борбордун медициналык уюмдарынын башкы дарыгерлерине кызматкерлердин ишине тыкыр көзөмөл жүргүзүп, ооруканада жаткандар арасында маалымдоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору Бишкектеги бардык саламаттык сактоо уюмдары үчүн нускамаларды даярдамакчы.

Шаардык бийлик коронавирус кооптуулугунан улам калаа тургундарын эл көп чогулган жайларга — куран окутууларга, тойлорго, салтанаттарга барбай туруу керектигин эскертти.

Кыргызстанда учурда коронавируска байланыштуу абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан жана Телеграм-каналдан окуй аласыздар.

121
Белгилер:
коопсуздук, сактануу, оорукана, коронавирус, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (421)
Тема боюнча
Бишкек шаардык штабы түзүлдү. Милдети
Алматы аэропортунда 19 кыргызстандык кармалып турат
Өзгөчө кырдаал жарыяланган Сузакта аскер адамдары жүрөт. Видео
Кыргызстан чет элдиктерди 19-марттан тарта киргизбей турган болду