Медицина кызматкери. Архивдик сүрөт

Даяр болчубуз! ДССУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн коронавирус боюнча пикири

192
(жаңыланган 14:41 18.03.2020)
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Саламаттык сактоо министрлиги менен кызматташууда, техникалык жардам кылууга жана эпидемиологдорго колдонмолорду берүүгө даяр.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Назира Артыкова өлкөдө аныкталган алгачкы коронавирус мисалдары боюнча пикирин айтты. Ал Бишкекте өтүп жаткан брифинг учурунда сүйлөдү.

Анын айтымында, ДССУ кеңсеси бир топтон бери өзгөчө кырдаалга дайындануу режиминде иштеп жаткан.

"Биз үчүн күтүүсүз эч нерсе болгон жок. Коронавирус акыры Кыргызстанга дагы жетерин билгенбиз. Учурда уюм бардык өнөктөштөр менен кызматташып жатат. Келе жаткан 12 айдагы иш-аракеттер боюнча ведомстволор аралык план дайындалган. Бул буга чейин медициналык кызматкерлерди дайындаганбыз", — деди ал.

Адис белгилеп өткөндөй, учурда Кыргызстанда вирусту аныктоо боюнча беш лаборатория иштеп жатат.

"Эки лаборатория Бишкекте, бирөө Ошто. Ошондой эле стационар сыяктуу жабдылган мобилдик лабораториялар ишке киргизилип жатат. Алар анализдерди ташуу татаал болгон жерлерде иштешет", — деди Артыкова.

Ал кошумчалагандай, ДССУнун өкүлчүлүгү Саламаттык сактоо министрлиги менен кызматташууда, техникалык жардам кылууга жана эпидемиологдорго колдонмолорду берүүгө даяр.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган үч адам аныкталды. Алар 12-мартта Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келишкен. Азыр алар Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө.

Кыргызстанда учурда коронавируска байланыштуу абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан жана Телеграм-каналдан окуй аласыздар.

192
Белгилер:
план, күрөш, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (882)
Тема боюнча
Өзгөчө кырдаал жарыяланган Сузакта аскер адамдары жүрөт. Видео
Алматы аэропортунда 19 кыргызстандык кармалып турат
Коронавирус жуктуруп алган кыргызстандыктар. Абалы, чоо-жайы
Турак жайдын кире беришин дезинфекциялоо. Архив

Короо кыдырып... Бишкекте коронавирусту аныктоо үчүн сурамжылоо башталды

13
(жаңыланган 18:59 01.06.2020)
Медицина кызматкерлери үчүн короо-жайларга жана үйлөргө кирүүгө катуу тыюу салынган. Сурамжылоону эл каттоо менен алмаштырып албоо да эскертилди.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясына караштуу Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын директору Бактыгүл Исмаилова коронавирусту аныктоо максатында калаадагы короолорду кыдыруу иштери башталганын айтты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Исмаилованын айтымында, бул ишке квартал, көчөлөрдө жашаган улуулар, турак жай активисттеринен турган бригадалар тартылып жатат. Сурамжылоого медиктер да катышат.

"Адамдар ооруп, дене табы көтөрүлүп, дем алуусу кыйындап, жөтөлүп жатса да медициналык жардамга кайрылбай жатышат. Ооруган адамдар жумушуна барып, коомдук жайларда болуп, качан гана оорунун белгилери курчуй баштаганда 118 номерине чалышууда. Мобилдик бригадалар барган учурда айрым бейтаптардын ПЦР-тесттери оң болуп чыгып жатат", — деди Исмаилова.

Ал медицина кызматкерлери үчүн короо-жайларга жана үйлөргө кирүүгө катуу тыюу салынганын кошумчалады. Ошондой эле сурамжылоону эл каттоо менен алмаштырып албоого чакырды.

"Эл каттоо менен медициналык каттоону чаташтырбоо керек", — деди Исмаилова.

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1817 болду. Анын ичинен 1181и айыгып, 16сы көз жумган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

13
Белгилер:
сурамжылоо, коронавирус, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкекте 1-июндан баштап иштей баштаган тармактардын тизмеси
Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 1 июня, в Международный день защиты детей встретился с детьми — участниками телепроекта «Мээрим».

Президент менен жолуккан балдар "Ала-Арчада" сейилдешти. Сүрөттөр

25
(жаңыланган 19:23 01.06.2020)
Сооронбай Жээнбеков балдарга өзүнүн жумушу жөнүндө айтып берип, заманбап санарип технологияларды терең өздөштүрүүсүн каалап, ошол эле убакта китеп окууну да унутпоого чакырды.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө, ата-энесинен ажыраган балдардын таржымалын көрсөткөн "Мээрим" теледолбооруна катышкан балдар менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууга Актан Жумабеков (12 жашта), Бүбүрахима Абсатар кызы (15 жашта), Диана Аманкожоева (11 жашта), Эрбол Мансуров (13 жашта) жана Ыйманбай Куштарбеков (12 жашта) катышты. Президент аларды бүгүнкү майрамы менен куттуктады.

  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 1 июня, в Международный день защиты детей встретился с детьми — участниками телепроекта «Мээрим».
    Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө, ата-энесинен ажыраган балдардын таржымалын көрсөткөн "Мээрим" теледолбооруна катышкан балдар менен жолугушту.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 1 июня, в Международный день защиты детей встретился с детьми — участниками телепроекта «Мээрим».
    Жолугушууга Актан Жумабеков (12 жашта), Бүбүрахима Абсатар кызы (15 жашта), Диана Аманкожоева (11 жашта), Эрбол Мансуров (13 жашта) жана Ыйманбай Куштарбеков (12 жашта) катышты.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 1 июня, в Международный день защиты детей встретился с детьми — участниками телепроекта «Мээрим».
    Президент аларды бүгүнкү майрамы менен куттуктады.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 1 июня, в Международный день защиты детей встретился с детьми — участниками телепроекта «Мээрим».
    Жээнбеков балдарга өзүнүн жумушу жөнүндө айтып берип, заманбап санарип технологияларды терең өздөштүрүүсүн каалап, ошол эле убакта китеп окууну да унутпоого чакырды.

    Мамлекет башчысы балдарга бекем ден соолук, бактылуу жашоо, бакубат турмуш жана окууларына ийгиликтерди каалады.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 1 июня, в Международный день защиты детей встретился с детьми — участниками телепроекта «Мээрим».
    Жолугушуунун катышуучулары президенттин колунан белек катары ноутбук алышты.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 1 июня, в Международный день защиты детей встретился с детьми — участниками телепроекта «Мээрим».
    Балдардын арасынан Актан Жумабеков карапачылык искусство менен алектенерин айтып, Жээнбековго өз колу менен жасаган илбирс түрүндөгү акча салып коюучу кутуну белек кылды.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 1 июня, в Международный день защиты детей встретился с детьми — участниками телепроекта «Мээрим».
    Маалымат кызматтан билдиришкендей, президенттин 2019-жылдын декабрь айындагы жыйынтыктоочу пресс-конференциясында КТРКнын "Мээрим" долбоорунун авторунан президентке катышкан балдар менен жолугушуу сунушу түшкөн.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 8
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө, ата-энесинен ажыраган балдардын таржымалын көрсөткөн "Мээрим" теледолбооруна катышкан балдар менен жолугушту.
"Балдар Жээнбековдун кичине кездеги кыялдары менен каалоолору жөнүндө кызыктырган суроолорун берип, өз пландары, кызыккан кесиптери тууралуу айтып беришти. Президенттен балдар үйлөрүндө, интернаттарда тарбияланып жаткан балдардын тагдыры боюнча пикирине кызыгышты. Ошондой эле президенттин күнүмдүк ишинде туш болгон көйгөйлөр менен алдыга коюлган пландарын сурашты", — деп айтылат билдирүүдө.

Жээнбеков балдарга өзүнүн жумушу жөнүндө айтып берип, заманбап санарип технологияларды терең өздөштүрүүсүн каалап, ошол эле убакта китеп окууну да унутпоого чакырды.

Мамлекет башчы балдарга бекем ден соолук, бактылуу жашоо, бакубат турмуш жана окууларына ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун катышуучулары президенттин колунан белек катары ноутбук алышты. Балдардын арасынан Актан Жумабеков карапачылык искусство менен алектенерин айтып, Жээнбековго өз колу менен жасаган илбирс түрүндөгү акча салып коюучу кутуну белек кылды.

"Андан соң балдар президент менен "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын аймагында сейилдеп, өлкө башчы аларга мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар жана расмий жолугушуулар өтчү жерлер тууралуу айтып берди", — деп жазылган кабарда.

Маалымат кызматтан билдиришкендей, президенттин 2019-жылдын декабрь айындагы жыйынтыктоочу пресс-конференциясында КТРКнын "Мээрим" долбоорунун авторунан президентке катышкан балдар менен жолугушуу сунушу түшкөн. Ал эми бүгүнкү кездешүүгө президент менен жолугушууну каалаган катышуучулар чакырылган.

25
Белгилер:
куттуктоо, майрам, жолугушуу, балдар, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Кыздардан эркек балдар көп. Бөбөктөр боюнча кызыктуу статистика
Президент балдар уюмдарына жардам иретинде 1 миллион сом бөлдү. Тизме
Жол кырсык. Архивдик сүрөт

Тамтыгы калбай калыптыр! Кантта кагышкан үч автоунаанын видеосу

0
Жол милициясынын берген маалыматы боюнча, кырсык болжол менен саат 17.00дөр чамасында болгон. Эки киши жабыркаганы айтылды.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кантта үч автоунаа кагышкан жол кырсыгы катталганын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Окуя болгон жерден тартып алынган видео "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Жол милициясынын билдирүүсү боюнча, кырсык болжол менен саат 17.00дөр чамасында болгон. Эки киши жабыркаганы айтылды. Каза болгондор жок.

Алдын ала маалыматка ылайык, кырсыкка Honda Odyssey, ВАЗ 2107 жана Hyundai автоунаалары кабылган.

Кадрдан окуяга күбө болгондор капталына оодарылып калган Honda Odyssey машинасын тургузуп жатканын көрүүгө болот.

Ушу тапта ЖКККББ кызматкерлери иштеп жатышат, кырсыктын себеби такталууда.

0
Белгилер:
окуя, күбө, милиция, Кант, жол кырсык
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Түндө Кубакы ашуусундагы автокырсыктан бир аял каза тапты
Бишкекте милициянын унаасы жол кырсыгына кабылды. Күбөнүн видеосу
Тосмого урунган автоунаа. Бишкектин чок ортосундагы жол кырсыгынын видеосу