Коронавирус аныкталган кыргызстандыктар "Манас" аэропортуна конгон

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев"Манас" аэропорту. Архив
Манас аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин коронавирус жуктургандар менен бир учакта келген 90 киши изоляцияга алынып, дагы 45и изделип жатканы айтылган эле.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Коронавирус жуктуруп алганы аныкталган үч кыргызстандык 12-март күнү саат 20.57де "Манас" эл аралык аэропортуна конушкан. Бул тууралуу Коронавирусту алдын алуу боюнча ыкчам штабдан кабарлашты.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган үч адам аныкталды. Алар 12-мартта Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келишкен. Азыр алар Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүнө жаткырылды.

"Коронавирус табылган үч жаран "Эйр Арабия" компаниясы аткарган чартердик каттам менен 12-мартта "Манас" аэропортуна учуп келишкен. Бортто 135 жүргүнчү болгон", — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин ал каттамдагы 90 киши изоляцияга алынып, дагы 45и изделип жатканы айтылган эле.

Кыргызстанда учурда коронавируска байланыштуу абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан жана Телеграм-каналдан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0