Баткенде умрадан келген 8 киши карантинде кармалууда

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүУмрадага бараткан кишилер. Архив
Умрадага бараткан кишилер. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн коронавирус жуктуруп алган алгачкы үч адам тууралуу белгилүү болду. Алар азыр Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бүгүнкү күндө Баткенде Сауд Аравияга умрага барып келген сегиз киши карантинде кармалууда. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен районунда жети, Кадамжай районунда бир адам ооруканада. Алардан анализ алынып, коронавирустун белгилери табылган эмес.

Сулайман-Тоо. Город Ош - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустан улам Ош мэриясы да айрым чектөөлөрдү киргизди
Облус жетекчиси Алишер Абдрахманов тиешелүү жетекчилерди чогултуп, карантинге алынган адамдардын абалын текшерүүгө алуу, жакындары менен байланышына тыюу салууга милдеттендирди. Мындан тышкары, бардык медициналык жардамдарды көрсөтүү, алардын жашаган үй-жайын, коомдук жайларды, транспортторду дезинфекциялоо тапшырылды.

Баткен облусунда учурда азык-түлүк, медициналык каражаттар, дары-дармектер боюнча тартыштык жок.

Буга чейин Кыргызстанда үч адамдан коронавирус чыкканы белгилүү болду. Алар Сауд Аравиядан кичи ажылыктан кайтып келген. 12-мартта өлкөгө кайтып келгенден кийин текшерүүдөн өтүп, дарыгерлердин көзөмөлү менен үй карантинине алынган болчу. Азыр алар Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө.

Кыргызстанда учурда коронавируска байланыштуу абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан жана Телеграм-каналдан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0