Медициналык бет кап кийип бараткан кыз. Архивдик сүрөт

Кийимди алмаштыр, бетти кармалаба. Коронавирустан сактануу жолдору

1988
(жаңыланган 15:40 18.03.2020)
Ошентип COVID-19 вирусу акыры Кыргызстанга дагы жетти. Мурда башка бир өлкөдө болуп жаткан нерсе катары интернеттен көз салып отурсак, азыр өз башыбызга келди. Эми эмне кылышыбыз керек?

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирусту жеңүүнүн негизги жолу тартип жана тазалык экенин айтууда. Демек, өлкө бийлиги жана медиктер берген сунуштарды так аткарып, ар бирибиз жоопкерчиликтүү болууга милдеттүүбүз. Андан тышкары, бул күндөрү өздүк гигиенага өзгөчө көңүл бурушубуз керек.

Sputnik агенттиги кыргызстандыктарга коронавирус менен күрөшүүдө жардам болсун деп Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму иштеп чыккан эрежелерди сунуштайт. Албетте, булар тууралуу мурда эле угуп жүргөнсүз, бирок илдет үйгө кирип келген учурда сактануу эрежелерин дагы бир ирет эске салууну туура көрдүк.

Колду бат-баттан жууңуз

Колду бат-баттан жууп же антисептикалык каражаттар менен сүртүп туруңуз.

Эмне үчүн? 

Жаныңызда эле вирус жуктуруп алган адамдар жүрүшү мүмкүн. Алар кармаган нерсеге же чүчкүргөн, жөтөлгөн маалда буюм-тайымдарга вирус жабышып алат. Аларды сиз кармаган учурда колуңузга иле кетесиз.

Коомдук жайларда аралыкты сактаңыз

Коомдук жайларда колдон келишинче башка адамдардан бир метр алыс турууга аракет кылыңыз. Өзгөчө жөтөлүп же чүчкүргөндөрдөн оолагыраак болуу керек.

Эмне үчүн? COVID-19 жөтөл жана чүчкүрүк аркылуу сыртка чыгып, көпкө чейин абада тура берет. Мындай адамдын жанына барганда дароо жуктуруп аласыз.

Колду беттен алыс кармаңыз

Колду ооз, мурун жана көзгө тийгизбеңиз.

Эмне үчүн? Ар кайсы нерсени кармалаганда колго вирус жабышып алат. Ошол учурда ооз, мурун же көзгө колуңуз тийсе, COVID-19 дароо организмге өтүп кетет.

Туура чүчкүрүңүз

Мурдагыдай ырахаттанып, ээн-эркин чүчкүрүүнү токтото туруңуз. Антпесе элди үркүтөсүз. Андыктан жаныңызда ар дайым кагаз майлыктар болгону жакшы. Чүчкүргөндө аны менен ооз-мурунду жаап, кийин бүктөп туруп дароо таштандыга ыргытыңыз. Кагаз болбой калса, чыканактын ички бөлүгүнө чүчкүрүңүз. Ушул тапта кадимки жүз аарчыларды колдолбой эле койгон жакшы.

Эмне үчүн? Вирус жуктуруп алганыңызды бир нече убакытка чейин өзүңүз байкабашыңыз мүмкүн. Андыктан  башкалардын ден соолугун ойлоп, оозду жаап чүчкүрүү керек. Ал эми кадимки жүз аарчы жарабайт дегенибиздин себеби, аны ыргытып ийбей, алып жүрөбүз да. Демек, вирусту кайра эле өзүбүзгө жабыштырабыз.

Жөтөл, дем алуунун кысылышы

Эгер жөтөлүп, демиңиз кысылып же дене табыңыз көтөрүлсө дароо медиктерге кайрылыңыз.

Эмне үчүн? Бул курч мүнөздөгү респиратордук инфекциялардын алгачкы белгиси. Бирок COVID-19 вирусу дагы ушул сыяктуу белгилерди бериши мүмкүн.

Медиктердин сунуштамаларын так аткарыңыз

Коронавирус боюнча ишенимдүү маалымат булактарынан акыркы жаңылыктарды карап туруңуз. Ошондой эле медициналык кызматкерлердин айткандарын так аткарыңыз.

Эмне үчүн? Жергиликтүү медициналык мекемелердин жана бийлик органдарынын COVID-19 вирусу боюнча актуалдуу жана туура маалыматтары бар. Алар аймакта эпимедиологиялык абал кандай экенин так билет жана туура коргонуу жолдорун айта алышат.

Ооруп жатсаңыз үйдөн чыкпаңыз

Буга чейин башка оору менен ооруп жаткан болсоңуз, үйдөн чыкпаңыз.

Эмне үчүн? Буга чейин өзүңүздү жаман сезип, баш ооруп, мурун бүтүп келген болсо, коронавирус жуктуруп албоо үчүн үйдөн чыкпай туруу керек.

Мындан тышкары, россиялык белгилүү дарыгер, медицина илимдеринин доктору Елена Малышеванын дагы  бир сунушун кошумчалай кетели. Ал тыштан келгенде колду жууп эле тим болбой, сырткы кийимди кире бериштен калтырып, балдар жана кары-картаңдар менен учурашардан мурда кийимди толугу менен алмаштырууну сунуштайт

Буга чейин Sputnik Кыргызстан эпидемия учурунда үйдү таза сактоо жолдорун жазган.

Кыргызстанда учурда коронавируска байланыштуу абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин жана Телеграм-каналдан окуй аласыздар.

1988
Белгилер:
сунуш, эреже, тазалык, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1376)
Тема боюнча
Коронавирустан улам Ош мэриясы да айрым чектөөлөрдү киргизди
Баткенде умрадан келген 8 киши карантинде кармалууда
Даяр болчубуз! ДССУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн коронавирус боюнча пикири
Дүрбөлөңгө түшпөгүлө! Президент Жээнбеков элге кайрылды
Коронавирус аныкталган кыргызстандыктар "Манас" аэропортуна конгон
Колунда күйүп турган ширеңке менен киши. Архив

Вандалдар Бишкектин чок ортосундагы скульптураны өрттөп кетишти. Видео

349
(жаңыланган 23:13 25.10.2020)
Скульптура 2018-жылдан бери турган. Кээде анын лагын жаңыртуу үчүн атайын кызматтар алып кетип турушкан.

БИШКЕК, 25-окт. – Sputnik. Бишкектин Эркиндик проспектиндеги жыгачтан жасалган павлиндин скульптурасын вандалдар өрттөп кетишти. Бул тууралуу “Бишкек жашыл чарба” ишканасынын маалымат катчысы Аида Айдаралиева Facebook баракчасына жазды.

“Акыркы кезде вандалдар тууралуу бат-баттан жазып калганым абдан өкүнүчтүү. Павлиндин скульптурасы 2018-жылдан бери турган. Кээде анын лагын жаңыртуу үчүн алып кетип турчубуз. Эми аны вандалдар өрттөп салыптыр. Эмнеге мындай кадамга барышканы белгисиз”, - деди Айдаралиева.

Анын айтымында, видео төрт күн мурда тартылган.

349
Белгилер:
өрт, вандализм, скульптура, Бишкек
Тема боюнча
Дарыканадан акча уурдай качып, кайра кайтарып камалган жигиттин маеги
Талас облустук театрында режиссеру Чолпон Эрикова

Республика боюнча театрда иштеген үч эле айым бар. Режиссер Чолпондун маеги

301
(жаңыланган 22:13 25.10.2020)
Кыргызстанда айымдар арасынан чыккан театр режиссерлорун санай келгенде колдун беш манжасына да жетпейт. Алардын ичинде жаш режиссер Чолпон Эрикова да бар. Чолпон учурда Талас облустук театрында режиссер болуп эмгектенүүдө.

Sputnik Кыргызстан агенттиги 27 жаштагы Чолпон Эрикова менен маектешип, театр жана жаштар тууралуу азыноолок кеп курду.

Театр сизди эмнеси менен өзүнө тартты?

Мен мектепте окуп жүргөндө, бизге “Учур” театры келип спектакль коюп турчу. Алар менен Болот Тентимишов дагы көп келип калды. Актерлорду көрүп аябай таасирленгендиктен, 7-класстан баштап эле мектептеги майрамдарга сценка коюп, идеяларды айтып жүрдүм. Мен 9-класс болгондо апам Кыргыз драма театрына костюмер болуп иштеп калды. Апамды ээрчип театрга барып жүрүп кызыгуум артты. Кийин 11-классты бүтөрүм менен ушул кесипти тандап алдым.

Спектакль в Таласском областном театре. Архивное фото
© Фото / Адилет Кыштообаев
Чолпон Эрикова: өзгөчө Чыңгыз Мамаевдин Алыкулду ойногонун көрүп "буюрса ушул кишилер менен иштешем" деп кыялданчумун

Биринчи жолу көргөн спектаклиңиз эсиңиздеби?

Эсимде, “Учур” театрынын Алыкул Осмонов жөнүндө койгон спектакли болду. Актёрлор көзүмө бир башкача көрүнөр эле. Өзгөчө Чыңгыз Мамаевдин Алыкулду ойногонун көрүп  “буюрса ушу киши менен иштешем” деп кыялданчумун. Азыр минтип кыялым орундалып отурат. Апам театрда иштеп турган кезде залда отуруп алып жомокторду көп көрдүм. Ал кезде 10-класста окучумун. Чоңоюп калсам дагы жаш балача элестетип, жомоктун ичине кирип кетчү элем. Ошондон алган таасирден уламбы, Талас театрында үч жыл катары менен жомок койдум. Анын ичинен бирөөсү өзүмдүн автордук жомогум болду.

Режиссер Таласского областного театра Чолпон Эрикова
© Фото / Чолпон Эрикова
Чолпон Эрикова: алгачкы автордук спектаклимде ашыкча ысырапкорчулук сыпатталган

Актёрлорго таасирленип театрды тандапсыз. Эмне үчүн актриса болгон жоксуз?

Азыр театрда бир штатта режиссёр, жарым штатта актриса болуп иштейм. Негизи режиссерлук кесипке тапшырганда группада эки эле кыз болгондуктан бизди үч жыл актёрлор менен кошуп окуткан. Натыйжада  эки жактуу билим алып, 4-курска жеткенде өзүнчө бөлүнүп режиссер деген диплом алып чыктык. Бирок эки жакта тең иштөөгө тажрыйбам бар.

Спектакль в Таласском областном театре. Архивное фото
© Фото / Адилет Кыштообаев
Чолпон Эрикова: азыр театрларда иштеген жаштар көп. Алар деле мага окшоп жарыбаган маянага иштеп жатышат

Жаш режиссер катары алгачкы автордук спектаклиңизди койгону жатыпсыз...

Курманбек Токтоналиевдин "Дүрбөлөң" аттуу чыгармасын сахналаштырып спектакль коюунун алдында турам. Бул менин алгачкы автордук спектаклим. Мында ашыкча ысырапкорчулук сыпатталган. Жыл бою иштеп тапкан акчасын күзүндө аш-тойлорго сарптап салган элибиздин ашыкча салт-санаасы ашкереленет. Кошумча кошуунун терс жактары жөнүндө да айтылган. Кээде өлүмгө кайгырбай, келген кошумчаны эсептешип калган учурлар кездешет. Боз үйдөгү маркумдун жакындары келген кийиттерге көңүл бурууга мажбур. Себеби кайра бергенде өзүнүкүн өзүнө берип же кымбат кездеме алып келсе арзаныраагын берип уят болбойлу деп кооптонушат. Спектаклди ашыкча ысырапкорчулукту, кереги жок каадаларды токтолу деген мааниде койдук. Туугандар арасындагы таарынычтар да ушундан улам чыгат. Жамандык болгон үйдө эки же үч бодо мал союлат. Ушунун баары эле ысырапкорчулук. Азыр экономикалык каатчылык күч алып турганда мындай ашыкча жөрөлгөлөрдү кыскартуу жагын карасак болмок. Ушул жагын элге жеткирели дедик.

Музыка менен АКШны багынткан кыргыз кызы: ыйлаган күндөрүм көп болду

Режиссер Таласского областного театра Чолпон Эрикова
© Фото / Жылдыз Маликова
Чолпон Эрикова: мен 9-класс болгондо апам Кыргыз драм театрына костюмер болуп иштеп калды. Апамды ээрчип жүрүп театрга кызыгып калдым

Өзүңүз Ысык-Көлдүн кызы болсоңуз дагы кесибиңиздин артынан Таласка барып иштеп жатыпсыз. Кыйналган жоксузбу?

Мурда Таласка келип көрбөгөндүктөн абдан кыйналдым. Эч кимди тааныбайм. Шаардан адашып кеткен учурларым көп болду. Азыр көнүп калдым. Театрдын кызматкерлери өз ишинин патриоту болушат деп коет го, анысы кандай, бул тармакта иштегендер театрдан башка жакты эңсебей калат. Алган акчабыз аз болсо дагы күндүн ысык-суугуна карабастан иштей берет экенбиз. Азыр театрларда иштеген жаштар көп. Алар деле мага окшоп жарыбаган маянага иштеп жатышат. Бирок шаардагы театрларда иштеген жаштарга жеңилирээк. Анткени алар үн жаздырып, тартууларга барып кошумча акча таба алышат. Таластагы театрда жаштардан экөө элебиз. Бул жактан тажрыйба топтоп алайын деп жатам.

Маянаңыз канча?

Айына 4070 сом алам. Мага театр жатаканадан бөлмө бөлүп берген. Утурумдук жашаган жерим чечилгендиктен аз акча алсам дагы сүйүктүү кесибим менен иштөөгө мүмкүнчүлүк бар.

Имараты жок көчөдө калган дымагы күч артисттер. "Туңгучтун" таберик сүрөтү

Спектакль в Таласском областном театре. Архивное фото
© Фото / Адилет Кыштообаев
Чолпон Эрикова: азыр экономикалык каатчылык күч алып турганда ашыкча ысырапты кыскартуу жагын элге жеткирели дедик

Менимче Кыргызстанда режиссер айымдар аз эле болсо керек?

Ооба, республика боюнча театрда расмий түрдө иштеп жаткан режиссёр айымдардан үчөө эле бар. Бул тармакта көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан эжелер Замира Акылаева, Эльвира Ибрагимова жана мен.

Алдыда кандай максатыңыз бар?

Буюрса, дагы көп-көп спектаклдерди коюп, өзүмдү сынап көргүм келет. Эл аралык фестивалдарга катышууну максат кылам. Ошондой эле келечекте  жеке театр ачууну көздөп жатам.

301
Белгилер:
маек, спектакль, режиссер, театр
Тема боюнча
Москвада кыргыз театрын ачкан Козубаева: репетиция батиримдин бир бөлмөсүндө өтөт
Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев. Архив

Тилек Токтогазиев Айыл чарба министрлигиндеги көйгөйлөрдү ачыктады

289
(жаңыланган 00:23 26.10.2020)
Министрдин айтымында, ведомство Советтер Союзунан бери өзгөрбөгөндөй сезим калтырган. Анда керек болсо жылуулук жок экенин белгилеген.

БИШКЕК, 26-окт. – Sputnik. Айыл чарба министрлигинде жаңыланууну талап кылган нерселер көп экен. Бул тууралуу министр Тилек Токтогазиев өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып билдирди. 

Ал кыска мөөнөттүн ичинде өзгөртүүлөрдү жасап, анда иштеп жаткан адистерге жакшыраак шарт түзүп берүүгө аракет жасай турганын белгиледи.

35 жашка чыкпай жогорку кызматты ээлеген аткаминерлер. Тизме

“Башка министрликтерге салыштырмалуу бул жактын айлыгы аз экен. Жакшы адистерге жакшы маяна төлөп бергидей кылышыбыз керек. Иштөө шарттары дагы начарыраак экен, мисалы жылуулук жок, суук. Ушунун баарын акырындык менен ордуна алып келебиз. Документтердин бардыгы кагаз түрүндө экен. Аны электрондук форматка өткөрүү зарыл”, - деди министр.

Токтогазиев кагаздар электрондук форматка өтсө ички процесстер, дыйкандарга кызмат көрсөтүүлөр батыраак жүрөрүн кошумчалады. Ал ошондой эле министрликте 888 киши иштей турганын, жалпы ведомство текшерилсин деген буйрук чыгарганын белгиледи.

“Азыр биз аудит баштадык. Жалпы министрлик текшерилсин деп Эсептөө палатасына кат менен кайрылдык. Бүт агенттиктер менен департаменттер текшерилет. Функционалдык анализ жүргүзүлүп, кайсы позициялар керек, кайсылары кереги жок экени аныкталат. Себеби бири-бирин кайталап калган штаттар болушу мүмкүн. Аларды кыскартууга туура келет”, - деди Токтогазиев.

Эң жаш министр алдыда чоң реформаларды жасоо ниети бар экенин кошумчалады.

289
Белгилер:
реформа, көйгөй, Тилек Токтогазиев, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги
Тема боюнча
Тилек Токтогазиев жыйын өткөрүп, министрликтеги ишин эмнеден баштаарын айтты