Коронавирус жуктурган үч кыргызстандыктын азыркы абалы айтылды

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бейтап. Архив
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкери бейтаптардын дене табы маал-маалы менен көтөрүлүп жатканын кабарлады.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Коронавирус жуктуруп алган үч кыргызстандыктын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Анын айтымында, бейтаптар тыкыр көзөмөлгө алынган.

"Алардын дене табы маал-маалы менен көтөрүлүп жатат. Бейтаптар дарыгерлердин көзөмөлүндө", — деди Айгерчинова.

Сезонный рост заболеваемости гриппом и ОРВИ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кийимди алмаштыр, бетти кармалаба. Коронавирустан сактануу жолдору
Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус жуктурган үч учур катталды. Жарандардын бардыгы Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген. Азыр алар Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө.

Кыргызстанда учурда коронавируска байланыштуу абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан жана Телеграм-каналдан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0