Коронавирус жуктургандар менен бир учакта келген 135 жаран табылды

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүАэропорттогу жүргүнчү. Ахрив
Аэропорттогу жүргүнчү. Ахрив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соңку учурда 1000ге жакын кыргызстандык Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып келгенин белгиледи. Учурда алардын 300гө жакыны табылып, карантинге алынды.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Сауд Аравиядан коронавирус жуктурган жарандар менен чогуу бир учакта келген 135 жарандын баары табылып, карантинге жаткырылды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков маалымат жыйын учурунда билдирди.

Сезонный рост заболеваемости гриппом и ОРВИ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кийимди алмаштыр, бетти кармалаба. Коронавирустан сактануу жолдору
Ошондой эле ал соңку учурда 1000ге жакын кыргызстандык Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып келгенин белгиледи. Учурда алардын 300гө жакыны табылып, карантинге алынды.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус жуктурган үч учур катталды. Жарандардын бардыгы Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген. Азыр алар Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө.

Жаңылыктар түрмөгү
0