Коронавируска кабылган сузактыктарды тосуп алган Чүйдүн беш жашоочусу изделип жатат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Манас" аэропортундагы жүргүнү. Архив
Манас аэропортундагы жүргүнү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сузактын үч тургуну менен байланышта болгон адамдар алардын тууганы болгон. Учурда алардын аты-жөнү такталды.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Коронавирус жуктуруп алган Сузактын жашоочуларын аэропорттон Чүй облусунун беш жашоочусу тосуп алган. Учурда алар изделип жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Сузактын үч тургуну менен байланышта болгон адамдардын аты-жөнү такталып, Чүй облусуна жиберилди.

"Чүйлүк беш киши коронавирус жуктуруп алгандардын туугандары экени аныкталды. Алар менен Чүй облустук штабы иш алып барат", - деди Мирзахмедов.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус жуктурган үч учур катталды. Жарандардын бардыгы Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген. Кийин айылдаштарын, туугандарын үйүнө чакырышкан

Азыр алар Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө. Саламаттык сактоо министрлиги бейтаптардын азыркы абалы боюнча маалымат берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0